Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Эңсеген нерселердин баарына жеттим деп ойлочумун»

«Эңсеген нерселердин баарына жеттим деп ойлочумун»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1962

  • ӨЛКӨСҮ: Канада

  • МУРУН: Адеп-ахлаксыз жашоо өткөрчү

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Мен Канаданын Квебек провинциясындагы чоң шаарлардын бири Монреалда төрөлгөм. Бир эжем, эки иним төртөөбүз ата-энебиздин мээримине бөлөнүп, Роузмонттун чет жакасындагы тынч, кооз жерде чоңоюп-өскөнбүз. Үй-бүлөбүз ынтымактуу болчу.

Бала кезимде Ыйык Китепти окуганга кызыкчумун. 12 жашымда Жаңы Келишимден Иса Машаяктын жашоосу жөнүндө окуганым эсимде. Аябай жаккан. Анын башкаларды жакшы көргөнүн, боорукер болгонун билгенде ага окшош болгум келген. Бирок чоңоюп, жаман балдар менен достошо баштагандан тартып ал каалоом өчө баштаган.

Атам саксофондо ойночу. Ал мага саксофонун эле эмес, музыкага болгон күчтүү сүйүүсүн да өткөрүп бергендиктен, музыка жашоомдо негизги нерсеге айланды. Музыкага абдан кызыгып, көп өтпөй гитара черткенди үйрөнүп алдым. Убакыттын өтүшү менен досторум менен рок группа түзүп, бир нече жолу концерт койдук. Музыка жаатындагы таанымал продюсерлер жакшы ырдаганымды байкап, иштешүүнү сунуш кылышты. Ыр жаздырган бир чоң компания менен келишим түздүм. Ырларым элге жагып, Квебектин радиосунан күн сайын бериле баштады.

Эңсеген нерселердин баарына жеттим деп ойлочумун. Жаш болсом да, белгилүү ырчылардын катарына кошулдум. Жакшы көргөн ишим менен алек болуп, акчаны күрөп тапчумун. Күндүзү спорт залына барып машыгып, журналисттерге дил маек берип, күйөрмандарыма автограф берип же телеберүүлөргө тартылчумун. Түнкүсүн болсо концерт коюп, отуруштарга барар элем. Эл алдында өзүмдү эркин алып жүрүш үчүн жаш кезимен баштап эле иче баштадым, кийин баңгизатка өттүм. Аркы-беркини ойлобой иш кылчумун, адеп-ахлаксыздыкка да батып кеттим.

Бактылуу жашап жаткандай көрүнгөндүктөн, айрымдар мага көз артар эле. Бирок көкүрөгүмдөгү боштук толгон жок. Айрыкча, жалгыз калганда кыйналчумун. Көңүлүм чөгүп, кабатыр боло берчүмүн. Кейиштүүсү, элге таанымал болуп калган кезимде продюсерлеримдин экөө ЖИКСтен каза болду. Ошондо аябай жаман болгом. Музыканы абдан жакшы көрсөм да, музыка чөйрөсүндөгү жашоомон өзүм жийиркенип калгам.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

Албан-албан ийгиликтерге жетсем да, дүйнөдө эмне үчүн жаман нерселер болору жөнүндө ойлоно берчүмүн. «Эмне үчүн адилетсиздик ушунчалык көп? Эмнеге Кудай иш-аракет кылбайт?» — деген ойлор келе берчү. Ушул суроолорума жооп алгым келип, Кудайдан көп тиленер элем. Бир жолу башка жакка барып концерт коюп келгенден кийин Ыйык Китепти колума алып, окуй баштадым. Окугандарымдын көбүн түшүнбөсөм да, бул дүйнөнүн соңуна аз калган турбайбы деген жыйынтыкка келдим.

Ыйык Китептен Иса пайгамбардын чөлдө жүргөндө 40 күн орозо кармаганы тууралуу окудум (Матай 4:1, 2). Мен да, Иса пайгамбардай болуп, орозо кармасам, Кудай мага өзүн ачып берет болуш керек деп ойлоп, орозо кармай баштай турган күндү белгилеп койдум. Орозо кармаарыма эки жума калганда эшигимди чертип, эки Жахабанын Күбөсү келип калды. Аларды күтүп эле тургансып, дароо үйгө киргиздим. Жак деген Жахабанын Күбөсүнүн көзүнө тике карап: «Бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатканыбызды кайдан билсек болот?» — деп сурадым. Ал Ыйык Китебин ачып, жооп иретинде 2 Тиметей 3:1—5-аяттарды окуп берди. Экөөнө дагы көп суроолорду жаадырдым. Алардын бардык суроолорума Ыйык Китептин негизинде канааттандырарлык, акылга сыярлык жооп бергенине аябай таасирлендим. Жахабанын Күбөлөрү бир нече жолу келип кетишкенден кийин орозо кармоонун зарылдыгы жок экенин түшүндүм.

Ошентип, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөгө кириштим. Убакыттын өтүшү менен узун чачымды кыркып, жергиликтүү Падышалык залында өткөрүлгөн жолугушуулардын баарына бара баштадым. Жахабанын Күбөлөрүнүн мени жылуу тосуп алганы да чындык жолун тапканыма ынандырды.

Албетте, Ыйык Китептен окуп-билгендериме ылайык жашаш үчүн көп нерсени өзгөртүшүм керек эле. Адегенде эле баңгизатты таштап, адеп-ахлаксыз иштерди токтотушум керек болду. Мурун көңүлдүн борборунда болуп көнүп калгандыктан, башкаларга да кам көргөндү үйрөнүшүм керек болду. Жалгыз бой ата катары уулум менен кызымдын эмоциялык саламаттыгына кам көргөндү жана аларга Кудай жөнүндө билим бергенди үйрөнүшүм да керек болду. Ошон үчүн музыка дүйнөсүнөн кетип, маянасы аз жумушка, фабрикага, орноштум.

Ушунун баарын кылыш оңой болгон жок. Баңгизатты таштаганга аракет кылып жүргөн кезде чыдабай кетип, колдонгон учурларым болду (Римдиктер 7:19, 21—24). Өзгөчө, адеп-ахлаксыз иштерди ташташ кыйынга турду. Жарыбаган акча төлөнгөн жаңы орношкон жумушуман бутумду тарта албай келчүмүн. Ырдап жүргөн кезимде эки эле саатта тапкан акчаны үч айда араң тапчумун.

Ушундай чоң өзгөрүүлөрдү багынбай кыла бергенге Кудайдан тиленгеним жардам берди. Ыйык Китепти дайыма окуу да маанилүү экенин түшүндүм. Кээ бир аяттар мага өзгөчө күч берди. Алардын биринде, 2 Корунттуктар 7:1де, Кудайдын кызматчылары денеси менен рухун «булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланууга» чакырылат. Жаман адаттарыман арыла аларыма ынанууга жардам берген дагы бир аятта, Филипиликтер 4:13тө: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазылган. Жахаба Кудай тиленүүлөрүмө жооп бергендиктен, Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүм. Бул мага өмүрүмдү ага арноого түрткү берди (1 Петир 4:1, 2). Мен 1997-жылы Жахабанын Күбөсү болдум.

ПАЙДАСЫ

Эгер мурункудай эле жашай берсем, эмгиче өлүп калмактыгым турган иш. Мен азыр чындап бактылуумун. Сүйүктүү жубайым Элвини Жахаба Кудайым берген бата деп эсептейм. Экөөбүз убактыбыздын көбүн башкаларга Ыйык Китепте жазылгандарды окутуп-үйрөтүүгө жумшайбыз. Бул терең канааттануу жана кубаныч тартуулайт. Мени өзүнө жакындатканы үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын (Жакан 6:44).