Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңарга канткенде жетекчилик бере аласыңар?

Балаңарга канткенде жетекчилик бере аласыңар?

 Эмнелерди билишиңер керек?

 Айрым маданияттарда балдар ата-энесине абдан ынак болушат жана кеңеш сурап ата-энесине кайрылышат. Ал эми башка маданияттарда балдар көбүнчө курбу-курдаштарынан кеңеш сурашат.

 Андай балдардын көп учурда өзү теңдүүлөргө кайрылганы ата-энесинин кеп-кеңештерин баалабай калышына алып келет. Ал эми өспүрүм куракка келгенде, ата-энелеринин айткандары аларга такыр эле таасир этпей калат. Бул таң калыштуу эмес. Анткени алар убактысынын көбүн башка балдар менен өткөргөндүктөн аларды, мындайча айтканда, ата-энеси эмес, өзү курактуу достору тарбиялап-өстүргөндөй эле болуп калат.

 Эмне үчүн балдар оңой эле ата-энесинен алыстап, курбу-курдаштарына ынак болуп кетишет? Төмөнкүлөргө көңүл бурсаңар:

  •   Мектеп. Балдар убактысынын көбүн башка балдар менен өткөрсө, аларга жакын болуп, ата-энесиникине караганда, курдаштарынын оюн туура көрө башташы мүмкүн. Өспүрүм куракка келгенде, мындай көз караш ого бетер күч алат.

    Балдар классташтарына эмес, биринчи кезекте ата-энесине жагууга умтулушу керек

  •   Аз эле убакыт чогуу болуу. Көптөгөн жерлерде балдар мектептен келгенде, атасы же апасы же экөө тең жумушта болгондуктан, үйдө эч ким жок болот.

  •   Жаштардын дүйнөсү. Эр жете баштаганда балдар кандай кийинүүгө, кандай сүйлөөгө жана кандай иш кылууга байланыштуу бирдей эрежелери бар жаштардын өзүнчө бир дүйнөсүнө аралаша баштайт. Аларга ата-энесинин ою эмес, курбу-курдаштарынын ою маанилүү болуп калат.

  •   Соода-сатык тармагы. Соода-сатык тармагы өндүрүп чыгарып жаткан көптөгөн нерселер, анын ичинде көңүл ачуунун түрлөрү жалаң эле жаштарга арналган. Ушунун айынан улуулар менен жаштардын ортосундагы ажырым барган сайын чоңоюуда. «Жаштардын дүйнөсү жок болуп кете турган болсо, миллиарддаган долларларды таап жаткан көптөгөн соода-сатык тармактары бир заматта кирешеден кол жууп калмак»,— дейт Роберт Епстейн a.

 Эмне кылсаңар болот?

  •   Балаңар менен ынак болгонго аракет кылгыла.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү жүрөгүңө сакта. Аларды балдарыңа үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да кайра-кайра айтып үйрөт» (Мыйзам 6:6, 7).

     Албетте, курбу-курдаштары балаңарга жакшы дос болуп бере алат. Бирок алар ата-эне бере ала турган жетекчиликти бере албайт. Бактыга жараша, адистердин айтканына ылайык, кичинекей балдардын жана өспүрүмдөрдүн көбү ата-энесин урматташат жана аларга жаккысы келет. Эгер балаңар менен ынак мамиледе болууга аракет кылсаңар, аларга өзү теңдүү досторуна караганда силер көбүрөөк таасир эте аласыңар.

     «Балаңар менен тамак жасоо, үй жыйноо, атүгүл үй тапшырмасын аткаруу сыяктуу иштерди чогуу кылып, алар менен убакыт өткөрүшүңөр керек. Кызыктуу нерселерди да чогуу кылгыла. Мисалы, оюндарды ойногула, кино же телевизор көргүлө. Балдарым менен кыска болсо да жакшы убакыт өткөрүп койсом, ошол жетиштүү деп ойлобогула. Кыска эле убакыт көңүл бөлүү менен балаңарга ынак боло албайсыңар» (Лоррайн).

  •   Балаңарга ар кандай курактагылар менен достошконго жардам бергиле.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган» (Накыл сөздөр 22:15).

     Айрым ата-энелер балдарынын көп достору бар экенине эле ыраазы болуп жүрө беришет. Албетте, өзү теңдүүлөр менен достошкону аларга башкалар менен тил табышканга жардам берет. Бирок жетилиш үчүн алардын ар кандай курактагылар менен дос болгону жакшы. Көңүлгө алчу нерсе, балдар зарыл кеп-кеңешти, жетекчиликти курбу-курдаштарынан ала албайт. Аны мээримдүү ата-энеси гана бере алат.

     «Баланын достору айрым нерселерди жакшы билиши мүмкүн. Анткен менен аларда жашоого керектүү жөндөмдүүлүктөр, турмуштук тажрыйба жана башка балдарга туура чечим чыгарууга жардам берген акылмандык жок. Ата-энесинин жетекчилигине ылайык иш кылган балдар өздөрүнүн жашына жараша туура өсүп-жетилет» (Надя).

  •   Даанышман кеңештерди бергиле.

     Ыйык Китепте мындай делет: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот» (Накыл сөздөр 13:20).

     Чоңоюп калса да, балаңар силер менен убакыт өткөрүүнүн аркасында көп нерсени үйрөнөт. Андыктан аларга мыкты үлгү көрсөткүлө.

     «Балдар үчүн ата-энеси гана мыкты үлгү боло алат. Балдар ата-энесин баалап-барктоого, урматтап-сыйлоого үйрөнсө, аларга окшош болуп чоңойгусу келет» (Катерина).

a «Teen 2.0—Saving Our Children and Families From the Torment of Adolescence» деген китептен алынды.