Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Канткенде жакшы ата боло аласыңар?

Канткенде жакшы ата боло аласыңар?

 Үй-бүлөдө аталардын кандай милдети бар?

  •   Балаңар төрөлгөнгө чейин. Азыр кандай күйөө экениңерден кийин кандай ата болоруңар айкын болот. «Аталардын ролу маанилүүбү?» деген китепте мындай деп белгиленген:

     «Кош бойлуу жубайына керектүү нерселерин сатып алганга жардам берген, доктурга алып барып турган, кошо барып УЗИден баласынын түйүлдүк кезин көргөн же жүрөгүнүн сокконун уккан ата жубайы менен да, баласы менен да көбүрөөк ынак болот».

     «Аялым боюнда бар кезде көп кыйналбашы үчүн, колуман келген жардамды бергенге аракет кылчумун. Жадагалса, ымыркайыбыздын бөлмөсүн чогуу даярдадык. Наристебиздин төрөлүшүнө даярданган учур экөөбүзгө тең өзгөчө учур болду» (Жеймс).

     Ыйык Китептеги принцип: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

  •   Балаңар төрөлгөндөн кийин. Чүрпөңөрдү колуңарга алып, аны менен ойносоңор, ал силерге жакын боло баштайт. Жубайыңарга кол кабыш кылып, балаңарга каралашкыла. Балаңарга көңүл бөлгөнүңөр анын жакшы өрчүп-чоңоюшуна чоң таасирин тийгизет. Ошондой эле балаңар менен мамиле түзсөңөр, анын силер үчүн абдан кымбат экенин көрсөтөсүңөр.

     «Балаңар менен чогуу ойногула. Керек болсо, аны менен чогуу жерге отуруп алып ойногула. Күлкүлүү болуп көрүнүп калам деп коркпогула. Сүйүү, мээрим кандай болорун бала биринчи кезекте силерден билерин унутпагыла» (Ричард).

     Ыйык Китептеги принцип: «Балдар — Жахаба берген мурас, перзенттер — ал берген сыйлык» (Забур 127:3).

  •   Балаңар бой тарта баштаганда. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, атасына ынак балдар мектептен жакшы окуйт, эмоциялык көйгөйлөргө азыраак чалдыгат, баңгизат колдонууга же жаман иштерге барганга көп азгырылбайт. Андыктан балаңар менен жакын болгонго атайын убакыт бөлгүлө.

     «Уулум экөөбүз узак жолдо баратканда же тамак үстүндө көп пикир алышчубуз. Ал өз алдынча жашаш үчүн үйдөн кетип жатканда баарынан да ошол учурларды сагынарын айтты. Экөөбүз атайын деле отуруп алып сырдашчу эмеспиз. Болгону, көп убакыт чогуу өткөргөндүктөн сөздөн-сөз чыгып отуруп, чер жазыша сүйлөшүп алчубуз» (Денис).

     Ыйык Китептеги принцип: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:15, 16).

 Аталардын ролу эмнеси менен өзгөчө?

 Көптөр аталар үй-бүлөсүн багып, ар кандай зыяндан коргошу керек, ал эми энелер үйдө отуруп, балдарын карашы керек деп эсептешет (Мыйзам 1:31; Ышая 49:15). Бирок кээде, тескерисинче, энелер көбүрөөк иштеп, аталар үйдө балдары менен отуруп калган учурлар болот. Кандай болбосун, изилдөөчүлөрдүн айтымында, бала тарбиялоодо атанын да, эненин да ролу абдан маанилүү. Анткени алардын ар бири баласынын жашоосуна өзгөчө жол менен таасир эте алат a.

 Жудит Валлерстайн деген бир үй-бүлөлүк изилдөөчү ушул ойдун калетсиз экенин тастыктап, жеке турмушунда болгон бир окуяны айтып берген. Ал мындай деп жазган: «12 жаштагы кызымды машина сүзүп кеткенде, ал тез жардам унаасында аны менен чогуу атасынын барышын суранган. Анткени ал атасынын жанында өзүн коопсуз сезген. Ал эми ооруканада аны эркелетип, сооротушум үчүн, анын жанында менин болушумду каалаган» b.

 «Ата үй-бүлөнүн туруктуулугуна, коопсуздугуна өзгөчө жол менен шарт түзө алат. Энелерге бул нерсе кыйынга туруп калмак. Бирок энелердин балдарына мээримин төккөнү, алардын сезимин түшүнө билгени үй-бүлөдө кандайдыр бир башкача жылуулукту жаратат. Ошентип ата да, эне да бир командадай иш алып барат» (Даниел).

 Ыйык Китептеги принцип: «Уулум, атаң берген акыл-насаатка кулак сал, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа» (Накыл сөздөр 1:8).

 Аталар менен кыздардын ортосундагы мамиле

 Ата катары кызыңарга эркектер менен болгон мамилеси кандай болушу керектигин үйрөтө аласыңар. Аны төмөнкүдөй эки жол менен үйрөтсөңөр болот:

  •   Жубайыңарга кылган мамилеңер. Аялыңарга сүйүү, урмат-сый менен мамиле кылсаңар, кызыңар болочок жубайында кандай сапаттар болгону маанилүү экенин көрө алат (1 Петир 3:7).

  •   Кызыңарга кылган мамилеңер. Кызыңарды сыйласаңар, ал да өзүн өзү сыйлайт. Ошондой эле эркектердин аялзатына кандай мамиле кылганы туура болорун биле алат.

     Ал эми кечке эле кызыңарды басынтып, кагып-силке берсеңер, ал өзү жөнүндө төмөн ойдо болуп калат. Бул анын башка эркектердин көңүл бурушун каалай башташына себеп болушу мүмкүн. Андай эркектер болсо көп учурда кызыңарды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууну көздөйт.

     «Атасынын мээримин көргөн, колдоосун сезген кыз жакшы күйөөгө мүнөздүү сапаттары жок эркектерге жолобойт» (Уейн).

a Көптөгөн энелер балдарын өздөрү жалгыз жакшы тарбиялап-чоңойтушкан.

b «The Unexpected Legacy of Divorce» деген китептен.