Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Бала жана смартфон (2-бөлүк). Балама смартфонду эстүүлүк менен колдонгонду кантип үйрөтсөм болот?

Бала жана смартфон (2-бөлүк). Балама смартфонду эстүүлүк менен колдонгонду кантип үйрөтсөм болот?

 Смартфон курч бычакка окшош. Аны туура колдонсоң, пайдасын көрөсүң. Туура эмес колдонсоң, бир жериңди кесип аласың. Анда балаңарга смартфонду акыл-эстүүлүк менен колдонгонду кантип үйрөтсөңөр болот? Балаңар аны бир күндө канча убакыт колдонушу керек? a

 Эмнелерди билишиңер керек?

  •   Смартфондун кооптуу жактары бар. «Бала жана смартфон. Балама смартфон керекпи? (1-бөлүк)» деген макалада айтылгандай, Интернетке туташкан смартфон аркылуу балдар жаманын да, жакшысын да көрүшү мүмкүн.

     «Балдарыбыз смартфон аркылуу ниети бузук адамдардын, ар кандай туура эмес ой-толгоолордун кылтагына түшүп калышы экенин унутуп калабыз» (Бренда).

  •   Балдарды үйрөтүү маанилүү. Азыркы балдар техника доорунда төрөлүп жаткандыктан аны семичкедей чагышат. Ал эми чоңдордун көбү аларга салыштырмалуу смартфонду азыноолак эле билишет. Бирок бул ата энелер ал тууралуу такыр эч нерсе билбейт, балдар болсо аны качан, кантип колдонушту аябай жакшы билет дегенди билдирбейт.

     Албетте, балаңар смартфонду силерге караганда беш колдой билиши мүмкүн. Бирок жөндөмдүүлүк менен жетилгендиктин айырмасы бар экенин эсиңерден чыгарбагыла. Атүгүл телефондун тияк-биягын кыйын чукулаган балдар да аны туура колдонгонду билбейт. Ошондуктан силердин жардамыңарга муктаж.

     «Балага телефон колдонгонду үйрөтпөй туруп аны колуна карматуу машине айдаганды үйрөтпөй туруп рулга отургузуп: „Абайлап айда!“ — дегенге барабар болуп калмак» (Сет).

 Эмне кылсаңар болот?

  •   Балаңардын телефонун жакшы билгиле. Балаңарга телефонду эстүүлүк менен колдонууга жардам берген функциялар тууралуу көбүрөөк билгиле. Мисалы:

     Айрым смартфондордо балага телефонду колдонууга чек койгон жана кайсы сайттарга кирип жатканын текшерген функциялар бар экенин билесиңерби?

     Телефондун ичинде ата-энелерге балдарын көзөмөлдөөгө шарт түзгөн жөндөөлөр бар экенин билесиңерби?

     Балаңардын смартфонун канчалык жакшы билсеңер, аны акылдуулук менен колдонгонду ошончолук жакшы үйрөтө аласыңар.

     Ыйык Китептеги принцип: «Билими бар киши күч-кубатын чыңдайт» (Накыл сөздөр 24:5).

  •   Чек койгула. Эмнелерге уруксат берериңерди, эмнелерге тыюу саларыңарды чечип алгыла. Мисалы:

     Тамактанып жатканда же туугандарыңардыкына, досторуңардыкына конокко барганда, телефон колдонгонго уруксат бересиңерби?

     Түнүчүндө төшөгүнө жатып алып телефон чукулаганга уруксат бересиңерби?

     Кайсы тиркемелерди жүктөп алганга уруксат бересиңер?

     Күнүгө канча убакыт колдонушуна уруксат бересиңер?

     Кандай эрежелерди бекиткениңерди балдарыңарга айкын түшүндүргүлө. Эгер эрежелер бузулса, жазалагыла.

     Ыйык Китептеги принцип: «Баланы жазасыз калтырба» (Накыл сөздөр 23:13).

  •   Телефонун текшерип тургула. Балаңардын телефонундагы сырбелгини билгиле. Зарыл болсо, телефонунда эмнелер бар экенин текшергиле. Алсак, кандай текст билдирүүлөр келип жатканын, кандай тиркемелер, сүрөттөр бар экенин, кайсы сайттарга кирип жатканын көзөмөлдөгүлө.

     «Кызыбызга маал-маалы менен ага айтпай эле телефонун текшерип турарыбызды айтканбыз. Эгер туура эмес колдонуп жатканын билип калсак, телефонун убактылуу алып койчубуз» (Лорейн).

     Ата-эне болгондуктан балаңардын телефонду кантип колдонуп жатканын билгенге толук укуктуусуңар.

     Ыйык Китептеги принцип: «Жаш баланын жүрүм-туруму анын иштеринин таза же таза эмес экенин, туура же туура эмес экенин көрсөтөт» (Накыл сөздөр 20:11).

  •   Жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам бергиле. Балаңарга туура нерсени өз каалоосу менен кылганды үйрөткүлө. Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени бала ата-энесинен бир нерсени жашыргысы келсе, алар канча аракет кылбасын, баары бир өзүнүкүн кылат b.

     Андыктан балаңарга чынчылдык, өзүн-өзү кармай билүү сыяктуу жакшы сапаттарды өрчүткөнгө көмөк кылгыла. Ошондой эле кылган иши үчүн жооптуу болгонго үйрөткүлө. Ушундай нерселерге үйрөтүлгөн балдар эч убакта телефонду туура эмес колдонбойт.

     Ыйык Китептеги принцип: «Жетилген адамдар... акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырат» (Еврейлер 5:14).

a Бул макалада «смартфон» деген сөз Интернетке туташканга мүмкүнчүлүгү бар телефондорго карата колдонулат. Аларды чакан компьютер деп койсо болот.

b Кээ бир өспүрүмдөр ата-энесинен айрым нерселерди жашырыш үчүн атайын бир тиркемелерди колдонушат. Ал тиркемелер сыртынан калькулятор сыяктуу зыянсыз тиркемелердей көрүнөт.