Мазмунун көрсөтүү

Жан дүйнөсү кыйналгандарга Кудай же Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Жан дүйнөсү кыйналгандарга Кудай же Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба, жардам бере алат. Анткени даанышман кеңештерге бай Ыйык Китептен жашоодогу маанилүү суроолорго жооп алып, жүрөгүңүзгө тынчтык орнойт, жашооңуз маңыздуу болот. Ошондой суроолордун айрымдарына көңүл бурсаңыз.

  1.   Жараткан барбы? Ыйык Китепте бардык нерсени Кудай жаратканы айтылат (Аян 4:11). Бизди жараткандыктан Кудай канткенде жашообуз маңыздуу болуп, бактылуу болорубузду баарынан жакшы билет.

  2.   Кудай мага кам көрөбү? Кудай адамзатка кош көңүл карабайт. Себеби Ыйык Китепте: «Ал ар бирибизге жакын»,— деп айтылат (Элчилер 17:27). Жараткан Кудай сиздин жашооңузга да кайдыгер карабайт, ал сиздин бактылуу өмүр сүрүшүңүздү каалайт (Ышая 48:17, 18; 1 Петир 5:7).

  3.   Кудайды таанып-билгенимдин кандай пайдасы бар? Кудай бизди «рухий муктаждык» менен жараткан. Ошондуктан биз жашоонун маңызын жана максатын түшүнүүнү эңсеп келебиз (Матай 5:3). Рухий муктаждыкка Жаратканыбызды таанып-билүүгө жана аны менен мамиле түзүүгө болгон муктаждык да кирет. Кудай ал жөнүндө билүүгө умтулган адамдын аракетине батасын берет. Анткени Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8).

 Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Кудайды таанып-билип, аны менен жакшы мамиледе болгонунун аркасында жан дүйнө бейкуттугуна ээ болушууда. Албетте, Кудайды таанып-билсеңиз эле, кыйынчылыктардын баарынан арыласыз дегенди билдирбейт. Анткен менен Ыйык Китептеги кеңештерди колдонсоңуз,

 Көптөгөн диндер Ыйык Китепке ишенебиз дегени менен, андагы кеңештерди колдонушпайт. Ал эми Ыйык Китепте жазылгандарга чындап бекем кармангандар сизге Кудай жөнүндө так билим алууга жардам бере алышат.