Мазмунун көрсөтүү

Иса Машаяктын келиши эмнени билдирет?

Иса Машаяктын келиши эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Жазмада Иса Машаяктын адамзатты соттош үчүн келе турган убагы жөнүндө көп жолу айтылат a. Мисалы, Матай 25:31—33-аяттарда мындай делет:

 «Адам Уулу өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурат. Ошондо анын алдына бүт элдер чогултулат. Ал, койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, адамдарды экиге бөлөт. Койлорду оң жагына, эчкилерди сол жагына топтойт».

 Бул сот адамзаттын тарыхында эч качан болбогон «улуу алаамат» учурунда болот. Алаамат Армагедон согушу менен аяктайт (Матай 24:21; Аян 16:16). Ошол учурда Исанын мисалындагы эчкиге салыштырылган душмандары «түбөлүккө кыйратылуу жазасына тартылат» (2 Тесалоникалыктар 1:9; Аян 19:11, 15). Ал эми койго салыштырылган ишенимдүү кызматчылары «түбөлүк өмүргө ээ болушат» (Матай 25:46).

Иса Машаяк качан келет?

 Иса: «Ал күндү жана саатты эч ким... билбейт»,— деген (Матай 24:36, 42; 25:13). Бирок ал анын келерине аз калганын көрсөткөн, адамдар көрүп, байкай ала турган «белгинин» болорун айткан (Матай 24:3, 7—14; Лука 21:10, 11).

Иса адам болуп келеби же рух болуп келеби?

 Иса рухий жаратуу катары тирилгендиктен адам болуп эмес, рух болуп келет (1 Корунттуктар 15:45; 1 Петир 3:18). Ошондуктан өлөрүнө бир күн калганда ал шакирттерине: «Бир аздан кийин дүйнө мени көрбөй калат»,— деп айткан (Жакан 14:19).

Иса Машаяктын келишине байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Ыйык Китептеги: «Булуттардын үстүндө... келатканын көрүшөт»,— деген сөздөр Исанын көзгө көрүнгөн түрдө келерин билдирет (Матай 24:30).

 Чындык: Ыйык Китепте булуттар деген сөз көп учурда көрүнбөгөн нерсеге карата колдонулат (Лебилер 16:2; Сандар 11:25; Мыйзам 33:26). Мисалы, Кудай Мусага: «Сага кара булуттун ичинде келем»,— деген (Чыгуу 19:9). Бирок Муса пайгамбар Кудайды көргөн эмес. Ошол сыңары, Машаяк «булуттардын үстүндө... келгенде», адамдар аны түзмө-түз көрө албайт, бирок акылы менен түшүнө алышат.

 Жаңылыш ой: Машаяктын келиши жөнүндө айтылган Аян 1:7деги: «Аны баары... өз көздөрү менен көрүшөт»,— деген сөздөрдү түзмө-түз түшүнүү керек.

 Чындык: Ыйык Китептеги «көз» жана «көрүү» деп которулган грек сөздөрү кээде түзмө-түз эмес, түшүнүү же туюу деген мааниде колдонулат b (Матай 13:15; Лука 19:42; Римдиктер 15:21; Эфестиктер 1:18). Ыйык Китепте тирилген Иса Машаяктын «адам жете алгыс жарыкта жашаары», «аны бир да киши... көрө... албай» турганы айтылат (1 Тиметей 6:16). Демек, «аны баары... өз көздөрү менен көрүшөт» деген сөздөр Иса Машаяктын Кудайдын сот өкүмдөрүн ишке ашыруучу экенин бардык адамдар түшүнөт дегенди билдирет (Матай 24:30).

 Жаңылыш ой: 2 Жакан 7-аяттагы сөздөр Исанын адам болуп келерин көрсөтүп турат.

 Чындык: Ыйык Китептеги ал аятта: «Дүйнөдө көптөгөн жалганчылар пайда болду. Алар Иса Машаяктын адам болуп келгенин четке кагышат»,— делет.

 Элчи Жакандын күндөрүндө айрымдар Исанын адам болуп жерге келгенин четке кагышкан. Алар гностиктер деп аталышчу. 2 Жакан 7-аят алардын жалган ырастоосун төгүнгө чыгаруу үчүн жазылган.

a Көптөр Иса Машаяктын келишине байланыштуу «экинчи келиши» же «экинчи катышуусу» деген сөздөрдү колдонсо да, Ыйык Китептин эч бир жеринде андай сөздөр кездешпейт.

b Карагыла: «The New Thayer’s Greek-English Lexicon of the New Testament» (1981), 451, 470-беттер.