Мазмунун көрсөтүү

«Машаяктын душманы» деген ким?

«Машаяктын душманы» деген ким?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 «Машаяктын душманы» деген бир эле адамды же адамдардын кайсы бир тобун, же болбосо кайсы бир уюмду билдирбейт, анткени Ыйык Китепте «Машаяктын көптөгөн душмандары» жөнүндө айтылат (1 Жакан 2:18). Кыргыз тилине «Машаяктын душманы» деп которулган грек сөзү «Машаякка каршы (же өзүн Машаяк деп ырастоо)» деген маанини туюнтуп, төмөндө саналгандарга карата колдонулат:

  •   Исанын Машаяк экенин же Кудайдын Уулу экенин четке каккандар (1 Жакан 2:22).

  •   Машаякка, Кудайдын майланганына, каршы чыккандар (Забур 2:1, 2; Лука 11:23).

  •   Өзүн Машаяк деп ырастагандар (Матай 24:24).

  •   Иса Машаяктын жолдоочуларын куугунтуктагандар. Машаяк анын жолдоочуларына кылынган нерселерди өзүнө кылынгандай кабыл алат (Элчилер 9:5).

  •   Өздөрүн Машаяктын жолдоочулары деп атаган, бирок мыйзамсыз иш кылгандар жана алдамчылар (Матай 7:22, 23; 2 Корунттуктар 11:13).

 Ыйык Китепте «Машаяктын душманы» деген сөз айкашы жеке адамдарга эле эмес, жогоруда айтылган иштерди кылган адамдардын баарына карата да колдонулат (2 Жакан 7). «Машаяктын душманы» элчилердин убагында пайда болуп, азыркыга чейин иш-аракет кылып келет. Ыйык Китепте алардын абдан көбөйөрү алдын ала айтылган (1 Жакан 4:3).

«Машаяктын душманын» кантип аныктоого болот?

  •   Алар Иса тууралуу жалган ой-түшүнүктөрдү жайылтышат (Матай 24:9, 11). Мисалы, Кудай Үчилтик же Иса Кудуреттүү Кудай деп окутушат. Бул Исанын окууларына каршы келет, анткени Иса өзү: «Атам менден чоң»,— деп айткан (Жакан 14:28).

  •   «Машаяктын душмандары» Исанын Кудайдын Падышалыгы кандай иш жүргүзөрү жөнүндө айткандарын четке кагышат. Алсак, айрым диний жетекчилер Машаяк адамдык өкмөттөр аркылуу бийлик кылат деп айтышат. Бирок бул Исанын: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деген сөздөрүнө каршы келет (Жакан 18:36).

  •   Алар Исаны Мырзасы катары эсептешкени менен, анын буйруктарын, маселен, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга байланыштуу айткандарын аткарышпайт (Матай 28:19, 20; Лука 6:46; Элчилер 10:42).