Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акылдуу аял чечим чыгарарда абийирине ылайык иш кылат

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Бойдон алдыруу

Бойдон алдыруу

Жыл сайын 50 миллиондон ашык бала бойдон алдырылат. Бул көптөгөн өлкөлөрдүн калкынын санынан ашып түшөт.

Ар ким өзү чечеби же Кудайдын нормасын эске алуу керекпи?

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Аялдар ар кандай себептен улам, алсак, акча жагынан кыйналгандыктан, турмушу болбой калгандыктан, билим алууга, карьерага умтулгандыктан же жалгыз бой эне болгусу келбегендиктен боюнан алдырышат. Бирок бойдон алдыруу энелик милдеттен баш тартууну билдирет деп эсептегендер да бар.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын көз алдында өмүр, өзгөчө, адамдын өмүрү ыйык (Башталыш 9:6; Забур 36:9). Бул коопсуз жайда, атап айтканда, эненин жатынында өрчүп жаткан түйүлдүккө да тиешелүү. Дөөтү пайгамбар: «Мени энемдин ичинде калкалагансың... Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү, алардын качан калыптанары... китебиңе жазылып коюлган»,— деп жазган (Забур 139:13, 16).

Төрөлө элек баланын өмүрүнө карата Кудайдын кандай көз карашта экенин анын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамынан жана адам баласына берген абийирден билүүгө болот. Мыйзам боюнча, кимдир бирөө кош бойлуу аялды уруп жиберип, анын боюнан түшүп калса, ал киши өлгөн бала үчүн өз өмүрүн кун катары берүүгө тийиш болчу, тактап айтканда, өлүм жазасына тартылчу (Чыгуу 21:22, 23). Бирок соттор чечим чыгарып жатканда ал кишинин ниетин, жагдайын эске алышчу (Сандар 35:22—24, 31).

Кудай адамга абийир берген. Аял абийирин эске алып чечим чыгарса, атап айтканда, курсагындагы баласынын өмүрүн бааласа, абийири тынч болот *. Ал эми абийирине каршы иш кылса, абийири кыйнашы, атүгүл катуу айыпташы мүмкүн (Римдиктер 2:14, 15). Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бойдон алдыргандардын жан дүйнөсү кыйналышы, депрессия болушу ыктымал.

Баланы, өзгөчө, күтпөгөн учурда бойго бүтүп калган баланы кантип чоңойтушту билбей бушайман болуп жатсаңар, эмне кылсаңар болот? Кудай анын осуятын аткарган, ага берилген кызматчыларына кандай мамиле кылары тууралуу Дөөтү пайгамбар: «Сен өзүңө берилгендерге берилгендик көрсөтөсүң, кынтыксызга кынтыксыз мамиле кыласың»,— деген (Забур 18:25). Ал: «Жахаба адилеттикти сүйөт, өзүнүн берилген кызматчыларын таштабайт»,— деп да айткан (Забур 37:28).

«Алардын абийири да күбөлөндүргөндө, алар ойлонуп, өздөрүн бирде айыптаса, бирде акташат» (Римдиктер 2:15).

Мурда бойдон алдырсаңар, эмне кылсаңар болот?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Рут деген жалгыз бой эне: «Үч кичинекей балам болгондуктан, төртүнчүсүн бага албайм деп ойлогом. Бирок боюман алдыргандан кийин өзүмдү аябай жаман иш кылгандай сезип, катуу кыйналгам»,— дейт *. Ал кечирилгис күнөө кылды беле?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Иса Машаяк Кудайдын көз карашын чагылдырып: «Мен өкүнүүгө адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деген (Лука 5:32). Ооба, туура эмес кылганыбызга чын жүрөктөн өкүнүп, Кудайдан кечирим сурасак, ал атүгүл олуттуу күнөөлөрүбүздү да кечирет (Ышая 1:18). Дөөтү пайгамбар: «Оо, Кудай, сен жараланган, кыйналган жүрөктү четке какпайсың»,— деп жазган (Забур 51:17).

Кудай кечирим сурап жалынган күнөөкөрлөрдүн абийирин тазартып, жан дүйнөсүнө тынчтык берет. Ыйык Китепте: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт»,— делген (Филипиликтер 4:6, 7) *. Рут Ыйык Китепти изилдеп көрүп, ичиндегисин Кудайга төккөндөн кийин жүрөгү тынч алып, Кудайдын кечиргенин сезген (Забур 130:4).

«[Кудай] бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабайт, бизге кылмыштарыбызга жараша тиешебизди бербейт» (Забур 103:10).

^ 8-абз. Эненин же баланын ден соолугуна коркунуч туулушу мүмкүн болгондугу үчүн бойдон алдырууну актоого болбойт. Төрөт учурунда энени же баланы сактап калууну тандаш керек болсо, жубайлар өздөрү чечим чыгарышы керек. Бирок өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө медицинанын жетишкендигинин аркасында ушундай жагдайда натыйжасы жаман болгон учурлар сейрек кездешет.

^ 12-абз. Ысмы өзгөртүлдү.

^ 14-абз. Өлгөндөрдүн тирилерине үмүттөнүү да жубатат. «Күзөт мунарасы» журналынын «Окурмандардын суроолору» деген рубрикасына чыккан, төрөлбөй калган балдардын тирилери мүмкүн экени айтылган макаланы карагыла (w09 15.4. 12-б.).