Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөк жылыткан жылмаюу

Жүрөк жылыткан жылмаюу

КИМДИР БИРӨӨ силерди карап жылмайса, эмне кыласыңар? Силер да жылмаят болушуңар керек. Ооба, бизди карап кимдир бирөө чын жүрөктөн жылмайганда, ал досубузбу же бейтааныш адамбы, жылуу сезимдерди туябыз. Магдалена деген бир аял мындай дейт: «Раматылык жолдошум Георг жылмайганда жүзүнөн нур чачырап турчу. Ал мени караганда жан дүйнөмө тынчтык орноп, өзүмдү коопсуз сезчүмүн».

Адамдын чын жүрөктөн жылмайганы көңүлүнүн куунактыгын, бир нерсеге сүйүнүп жатканын көрсөтүп турат. Психологиялык илимдер ассоциациясынын бир журналында «жылмаюу табиятыбызга мүнөздүү нерсе» экени, атүгүл жаңы төрөлгөн ымыркайлар да «кимдир бирөөнүн жылмайганын жазбай биле алары» айтылган. Ошондой эле «адам башкалардын жылмайганынан кандайдыр бир маалымат алгандан тышкары, ал маалыматтын негизинде өзүнүн жүрүм-турумун кандайдыр бир багытка сала алары» жазылган («Observer»).

Кошмо Штаттардагы Гарвард университетиндеги изилдөөчүлөр жашы өр тартып калган бейтаптарга аларга кам көргөндөрдүн кабак-кашы кандай таасир этерин изилдеп көрүшкөн. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, аларга кам көргөндөрдүн жүзүнөн «жылуулук, камкордук, боорукердик» байкалганда, бейтаптар өздөрүн жакшыраак сезип, ден соолугу менен психикалык абалы жакшырган. Ал эми кам көргөндөрдүн жүзүнөн андай нерселер байкалбаганда, баары тескерисинче болгон.

Жылмайганыңар өзүңөр үчүн да пайдалуу. Изилдөөлөргө ылайык, жылмаюу адамга өзүн ишенимдүү, бактылуу сезгенге жана стрессти азайтканга жардам берет. Ал эми кабакты бүркөөнүн натыйжасы тескери болот.

«ДЕМ-КҮЧ БЕРГЕН» ЖЫЛМАЮУ

Жогоруда айтылып өткөн Магдалена — Жахабанын Күбөсү. Ал экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттик идеологияны четке какканы үчүн үй-бүлөсү менен Германиядагы Равенсбрюк концлагерине айдалган. Ал мындай деп эскерет: «Кээде күзөтчүлөр бири-бирибиз менен сүйлөшүүгө тыюу салышчу. Бирок алар биздин жүзүбүз менен сүйлөшүшүбүзгө жолтоо боло алышчу эмес. Апам менен эжемдин мени карап жылмайганын эле көргөндө кадимкидей дем-күч алып, багынбаганга чечкиндүү болуп калчумун».

Балким, силер жашоодогу кыйынчылыктардын айынан дайыма жылмайып жүрүү мүмкүн эмес деп ойлойттурсуңар. Адатта, cезимдер ойлордон кийин пайда болорун эсиңерден чыгарбагыла (Накыл сөздөр 15:15; Филипиликтер 4:8, 9). Ошондуктан, оор болсо да, мүмкүн болушунча жакшы нерселерди ойлогонго аракеттенгиле *. Андай кылууга көптөргө Ыйык Китепти окуу жана Кудайдан тиленүү жардам берген (Матай 5:3; Филипиликтер 4:6, 7). Ыйык Китепте «бакыт», «кубаныч» деген сөздөр жана алардан жасалган дагы башка туунду сөздөр жүздөгөн жолу кездешет. Ыйык Китепти күнүнө бир же эки беттен окусаңар болот. Ошентсеңер, балким, силер да көбүрөөк жылмайып калаттырсыңар.

Ошондой эле башкалардын силерди карап жылмайышын күтпөй, өзүңөр биринчи жылмайып, ага кубаныч тартуулаганга аракет кылгыла. Ооба, жылмаюу — Кудайдын өзүбүздү да, башкаларды да кубанычка бөлөгөн белеги.

^ 8-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2013-жылы ноябрда чыккан санындагы «„Дайыма той“ болгондой жүрөсүңөрбү?» деген макаланы карагыла.