Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Багытынан жазбаган тезекчи коңуз

Багытынан жазбаган тезекчи коңуз

ТЕЗЕКЧИ КОҢУЗГА жаныбарлардын тезеги көп жагынан пайдалуу. Алсак, ал аны менен азыктанат, ошондой эле арасына жумурткалайт. Андан сырткары, ургаачыларынын көңүлүн бурдуруш үчүн эркектеринин айрымдары аларга тезектин чоңураак бөлүгүн тартуу кылат. Тезекчи коңуздардын арасында кургай элек жаңы тезек үчүн таймаш катуу болот. Бир жолу изилдөөчүлөр пилдин тезегине 16 000дей коңуз үйүлүп алып, эки сааттын ичинде эле аны талап, ордун тазалап койгонун көрүшкөн.

Бул коңуздун айрым түрлөрү тезекти бөлүп-бөлүп алып, тоголоктоп туруп, алысыраак жакка томолотуп кетишет да, жумшак жерге көмүп коюшат. Алар аны түптүз багытта томолотушат. Анткени бул аларга олжосун башка коңуздарга алдырып жибербеш үчүн тезирээк узап кеткенге шарт түзөт.

Аларга, өзгөчө, түнкүсүн түз багытынан жазбаганга эмне жардам берет?

Көңүл бурсаңар: Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн тезекчи коңуздун күндүн жана айдын жарыгы менен жүрөрү, ошондой эле атүгүл айсыз караңгы түндө да түз багытынан жазбай турганы аныкталган. Ал эми Түштүк Африкада жүргүзүлгөн изилдөөлөр алар багытын, жылдыздарды көрө алганы үчүн эмес, Саманчынын Жолу галактикасынан чыккан жарык тилкесинин жардамы менен аныктаарын далилдеген. Бир журналга ылайык, тезекчи коңуз — жаныбарлар дүйнөсүндө багытын ушундайча аныктайт деп табылган жандыктардын биринчиси («Current Biology»).

Маркус Бирн деген окумуштуу тезекчи коңуздун, «жылдыздардын жарыгы жакшы тийбеген учурда да, чектелүү аң-сезимин колдонуп багытын аныктаганга жардам берген көрүү системасы» бар экенин айткан. Ошондой эле ал тезекчи коңуздарды изилдөө электрондук шаймандардын бир объектини экинчисинен айырмалоо системасын жакшыртууга жардам берерин билдирген. Келечекте, мисалы, урандылардын арасынан кишилерди таба турган роботтордун көрүү системасы тезекчи коңуздардын навигациялык системасына окшоштурулуп программаланышы мүмкүн.

Кандай деп ойлойсуңар? Тезекчи коңуздун навигациялык системасы эволюция жолу менен пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?

Билесиңерби?

Тезекчи коңуздар топуракты жумшартат, байытат, өсүмдүктөрдүн уруктарынын жайылышына шарт түзөт жана канаттуу курт-кумурскалардын көбөйүп кетишине бөгөт коёт.