Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүйлөнү бүлүндүргөн оору

Бүйлөнү бүлүндүргөн оору

БҮЙЛӨ ООРУСУ дүйнө жүзүндө ооз көңдөй ооруларынын эң кеңири жайылгандарынын бири болуп саналат. Бүйлө оорусунун белгилери башында анча байкалбашы мүмкүн. Бул оору так ушунусу менен коркунучтуу. Медициналык бир журналда «коомдо олуттуу көйгөй болуп эсептелген» ооз көңдөй ооруларынын арасында периодонтит оорусу, башкача айтканда, тиштин түбүн курчаган ткандардын оорусу да саналып өткөн. Ошондой эле ал журналда ооз көңдөй ооруларынан «жеке кишилер да, жалпы коомчулук да азап тартып келери, ал оорулар кишинин тамак жешине да, жашоодон ыракат алышына да таасир этери» жазылган («International Dental Journal»). Бүйлө оорулары жөнүндө төмөндө айтылгандар аларды алдын алууга жардам берет.

Бүйлө оорусу

Бүйлө оорусу бир нече баскычтан турат. Биринчи баскычы гингивит (бүйлөнүн сезгениши) деп аталат. Бүйлө тишти жууганда, жип менен тазалаганда же текшерүү учурунда, же эч себепсиз эле канаса, бул гингивиттин белгиси болушу мүмкүн.

Бүйлө оорусунун кийинки баскычы периодонтит деп аталат. Ал баскычта тишти кармап турган сөөк жана бүйлө ткандары бузула баштайт. Периодонтит өтүшүп кеткенде гана билинет. Тиш менен бүйлөнүн ортосунда ажырымдын пайда болушу, тиштин түшүшү, тиштердин арасынын ачылышы, ооздун жагымсыз жыттанышы, тиштин эти качып, тиштердин узунураак көрүнүшү жана бүйлөнүн канашы анын белгилери болушу мүмкүн.

Себеби жана кесепети

Бүйлө оорусунун пайда болушуна көп нерсе себеп болушу ыктымал. Ал көбүнчө тиштин өңөрүнөн, тишке бактериялардын катмары каптала бергендиктен болот. Эгер аны убагында тазалабаса, бактериялар тиштин бүйлөсүн шишитип жиберет. Ал процесс күчөгөндө, бүйлө тиштен ажырай баштайт да, тиш менен бүйлөнүн кыналган жеринде бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Ошонун натыйжасында сезгенүү процесси күчөп, тиштин сөөгү менен  тегерегиндеги ткандар бузулат. Тишти каптаган кебер, тиштин бүйлөдө жаткан жээгинде болобу же тамырында болобу, бара-бара катып, ташка айланат. Ташты да бактериялар каптайт. Тишке катып калган таш абдан катуу болгондуктан аны тиштен ажыратуу оңойго турбайт. Ошентип, бактериялар тишти аёосуз талкалай берет.

Бүйлө оорусуна башка нерселер да, алсак, ооз көңдөйүн таза күтө билбегендик, иммунитетти түшүргөн дары-дармектер, вирустук инфекция, стресс, диабет оорулары, ичимдикти өтө көп ичүү, тамеки тартуу жана кош бойлуу кездеги гормондук өзгөрүүлөр себеп болушу мүмкүн.

Ал эми кесепети жөнүндө айта турган болсок, бүйлөлөр катуу ооруткандыктан же тиштери түшүп калгандыктан, адам тамак-ашты чайнай албай, тамак жегенден рахат ала албай калат. Андан тышкары, андай оору менен ооруган адам жакшы сүйлөй албай калат, кебетеси да бузулат. Ошондой эле, изилдөөлөр көрсөткөндөй, ооз көңдөйүнүн оорулары адамдын дегеле бүт ден соолугуна зыян тийгизет.

Аныктоо жана дарылоо

Бүйлө оорусу бар же жок экенин кантип аныктаса болот? Балким, ушул макалада айтылгандардан бүйлө оорусу силерде да бар экенин байкаган чыгарсыңар. Эгер ошондой болсо, текшерилиш үчүн тиш доктурга кайрылуу зарыл.

Бүйлө оорусун айыктыруу мүмкүнбү? Ооба, бирок аны жаңыдан башталып келатканда дарылоо керек. Эгер ал өтүшүп кетип, периодонтитке айланып кетсе, сезгенүү процессин тиштин сөөгү менен анын тегерегиндеги ткандар жабыркай электе токтотууга аракет кылуу зарыл. Тиш доктурлар тиштин бүйлөдө жаткан жээгиндеги же тамырындагы ташты алып салыш үчүн жана өңөрдү тазалаш үчүн атайын шаймандарды колдонот.

Тиш доктурга кайрылууга шартыңар болбосо же силер жашаган жерде жакшы адистер жок болсо, көп байкала бербеген, бирок тишти талкалаган бул оору менен ооруп калбоонун негизги жолу — анын алдын алуу. Андыктан ооз көңдөйүн дайыма таза кармагыла, ошондо бүйлө оорусунан сырткары болосуңар.