Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Көпөлөктүн жарыкты жутуп алуучу канаты

Көпөлөктүн жарыкты жутуп алуучу канаты

ЖЕР АСТЫНДАГЫ күйүүчү заттарды азыраак колдонуш үчүн окумуштуулар учурда күндүн энергиясын чогулткан шаймандардын сапатын жакшыртууга аракет кылууда. Бир окумуштуу бул туурасында: «Биз издеген нерсе көз алдыбызда эле учуп жүргөн нерсе болушу мүмкүн»,— деген.

Көпөлөктүн канатындагы аарынын уюгундагыдай тешикчелер

Көңүл бурсаңар: Суукта көпөлөктөр канатын жайып, күнгө кактанышат. Алардын ичинен желкиндүү калдыркандардын айрым түрлөрүнүн канаттарынын күндүн жарыгын чогултуу жана жутуу касиети өзгөчө. Мунун сыры канаттарында кара пигменттердин болушунда эле эмес, канаттарын каптап турган кабырчыктарынын түзүлүшүндө. Ал кабырчыктарда аарынын уюгунун тешикчелерине окшош формадагы тешикчелер бар. Ал тешикчелер күндүн нурун аларга багыттап турган шынаа түрүндөгү катар-катар болуп жайгашкан кырчалар менен бөлүнүп турат. Так ушундай түзүлүштө болгондуктан көпөлөктүн канаты күндүн жарыгын жутуп, кармап калат. Ошон үчүн канаты капкара болуп көрүнөт. Көпөлөк жарыкты ушундайча кармап калган канатынын аркасында жылынат.

«Сайенс дейли» гезитинде: «Жаратылыштагы эң бир назик түзүлүштөгү нерселерге кирген көпөлөктүн канатынын түзүлүшү окумуштууларга күндүн нурунан жана суудан суутек газын — айлана-чөйрөнү булгабай турган, келечекте колдонула турган күйүүчү затты — эки эсе көбүрөөк өндүрүүгө шарт түзө турган жаңы технологияларды ойлоп чыгарууга дем-шык берүүдө»,— делет. Андан сырткары, оптикалык шаймандар менен күн батареяларынын да жакшыртылышы күтүлүүдө.

Кандай деп ойлойсуңар? Көпөлөктүн канатынын күндүн жарыгын жутуп алгыдай түзүлүштө болгону эволюция процессинин натыйжасыбы? Же аны ушундай кылып Кудай жаратканбы?