Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Уильям Уистон

Уильям Уистон

Уильям Уистон илимпоз, математик, дин кызматчы, көп эмгек жараткан жазуучу болгон. Ошондой эле атактуу физик-математик Исаак Ньютон менен чогуу иштеген. 1702-жылы Англиядагы Кембриж университетинин математика илиминин Лукас атындагы профессору катары Уистон Ньютондун ордун басып калган. Ал орунду илим жана технология жаатында билими терең адамдардын айрымдары гана ээлей алган.

УИСТОН 1-кылымда жашаган жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин эмгектерин англис тилине которгону менен да белгилүү. Бул, өзгөчө, Ыйык Китепти изилдегендерге маалым. Иосиф Флавийдин эмгектеринен жүйүт элинин тарыхы жана Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары жөнүндө көп нерсени билүүгө болот.

УИСТОН ЭМНЕГЕ ИШЕНГЕН?

Уильям Уистон акылын көп нерсени, айрыкча, илим менен динди изилдөөгө жумшаган. Ал Ыйык Китептеги ааламдын, жердин жаралышы жөнүндөгү билдирүүнүн так экенине ишенген. Ошондой эле табияттагы нерселердин түзүлүшү, кереметтүүлүгү, тактыгы алардын Улуу архитектордун, Жараткандын, колунан бүткөнүн айгинелеп турат деп эсептеген.

Андан сырткары, Уистон христиан чиркөөлөрү Ыйык Китепте жазылгандардан четтеп, башка окууларга жана чиркөө кеңеши менен чиркөө аталары туура көргөн каада-салттарга кармангандыктан ар кандай агымдарга бөлүнүп кеткен деген көз карашта болгон.

Ал Ыйык Китепте жазылгандар гана туура деп эсептеген, ошондуктан тозок жөнүндөгү окууну четке каккан. Анткени тозок тууралуу айтылгандарды мыкаачылыкты чагылдырган, маани-маңызы жок сандырак сөз деп санаган жана ал окуу Кудайды каралайт деген ойдо болгон. Чиркөө төбөлдөрү аны, бөтөнчө, Үчилтик окуусун (Ата, Уул, Ыйык Рух — үчөө бири-бирине тең жана түбөлүктүү, бирок үч башка эмес, бир кудай деген окуу) четке какканы үчүн душман көрүп калышкан.

 ЧЫГААН АКАДЕМИК ДЕГЕН НААМЫНАН АЙРЫЛЫП, КУУГУНТУККА АЛЫНГАНЫ

Уистон кылдат изилдөөнүн аркасында Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары Кудай Үчилтик деп окутпаганын жана ал окуу кийинчерээк христиандардын окууларына ар кайсы кудайларга сыйынгандардын философиясы аралашып кеткенинин натыйжасында келип чыкканын түшүнгөн *. Ал бул тууралуу жазмакчы болгондо, достору анын арты кесепеттүү болушу мүмкүн экенин эскертишкен. Бирок Уистон Иса Машаяктын нагыз табиятын — анын Кудайдын Уулу экенин жана аны Кудай жаратканын — түшүнгөндүктөн билмексен болуп жүрө алган эмес.

Кембриж университети Англикан чиркөөсүнүн окууларына каршы сүйлөгөндөрдүн баарын ордунан алып ыргытчу. Уистонду да дал ошо нерсе күтүп турган. Бирок ал, Үчилтик окуусун жалган деп эсептеген, бирок оюн ачыкка чыгарбаган Ньютондон айырмаланып, унчукпай койгон эмес. Ал дүйнөдөгү эч бир нерсе анын оозун баса албай турганын жазган.

Көз карашынан баш тартпай койгондуктан Уистон «чыгаан академик деген наамынан айрылып, куугунтукка алынган»

1710-жылы Уистон Кембриж университетинен чыгарылган. Ал көз карашынан баш тартпай койгондуктан «чыгаан академик деген наамынан айрылып, куугунтукка алынган». Ал ошондо да багынган эмес. Еретик деп айыпталып жаткан учурда эле ал «Калыбына келтирилген алгачкы христианчылык» деген аталыштагы катар макалаларды жазган. Уистон «алгачкы христианчылык» деп Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары туткан динди айткан. Кийинчерээк ал алгачкы христианчылыкты калыбына келтирүүнү көздөгөн коомду негиздеген. Ал коомдун мүчөлөрү анын Лондондогу үйүндө чогулуп турушкан.

Профессордук наамынан айрылып, акча жагынан кыйналып жатканына карабай, Уистон эмгектерди жаратып, Лондондун кафелеринде дарс окуй берген. Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын жашоосу кандай болгонунан башкалар кабардар боло алышы үчүн, ал 1737-жылы Иосиф Флавийдин эмгектеринин котормосун басып чыгарган. Уильям Уистондун ошол котормосу бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет.

Жеймс Форс деген жазуучу көпчүлүк жактабаган көз карашка карманып, оюн тайманбай айта алган Уистонду бүгүнкү күндө көптөр «элден бөтөнчө киши» болгон деп эсептээрин айткан. Анткен менен аны Ыйык Китепти, динди казып изилдеген окумуштуу катары жана ишенген нерселерине бек карманып жашаган инсан катары жогору баалагандар да бар.

^ абз. 10 Кудайдын табияты жөнүндө Ыйык Китепте айтылгандар тууралуу көбүрөөк билиш үчүн jw.org/ky сайтына кирип, ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР деген бөлүктү карагыла.