Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Дүйнө жүзү

«Жыл сайын 3 миллионго жакын жаңы төрөлгөн бала бир айдын ичинде чарчап калат. Буга көбүнчө алдын алса боло турган эле нерселер себеп болот. Ал ымыркайлардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбү төрөлгөн күнү эле чарчап калат» («Save the Children International»).

Британия

Англиянын улуттук саламаттык сактоо борборунун билдирүүсүнө ылайык, 2011-жылы Лондондун 15 районунда абанын булганышынан каза болгондордун саны өскөнү байкалган. Дизель үнөмдүү болгондуктан жана көмүр кычкыл газын азыраак бөлүп чыгаргандыктан анча зыяндуу эмес деп эсептелип келген. Бирок, таң калыштуусу, абаны булгаган заттардын 91 пайызы дизель менен жүргөн унаалардан бөлүнүп чыгары аныкталган.

Орусия

Орусиядагы коомчулуктун көз карашын изилдөө борборунун 2013-жылкы сурамжылоосуна ылайык, православие динин туткандардын 52 пайыздайы Ыйык Китептин бир да бөлүгүн окубаганын, 28 пайызы болсо кээде гана тиленерин айтышкан.

Африка

Дүйнөлүк банк билдиргендей, жердин ээси ким экенине байланыштуу баш аламандык жер иштетүүгө жана жакырчылыкты жоюуга тоскоол болууда. Дүйнө жүзү боюнча иштетүүгө жарактуу бирок иштетилбеген жерлердин жарымы, 202 миллион гектардай жер, Африкада жатат. Ал жакта айыл-чарба өндүрүмдүүлүгү 25 пайызды гана түзөт деп эсептелет.

Кошмо Штаттар

Мектептер менен университеттерде кадимки окуу куралдарынын ордуна электрондук түрдөгү материалдар, компьютердик программалар жана башка ушу сыяктуу нерселер жүктөлгөн электрондук каражаттар колдонулууда. Бирок кайсынысы арзан түшөрү азырынча белгисиз.