Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Атеисттин Кудайдын кызматчысы болушу

Хуан Криспин

Атеисттин Кудайдын кызматчысы болушу
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1944

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1964

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Мурда атеист болчу. Кудайга 50 жылдан бери берилгендик менен кызмат кылып келет.

ДИНДИН айынан далай кан төгүлгөнүн билгендиктен жаш кезимде эле динден көңүлүм калып калган. Мени Кудай жакырчылыкты, адилетсиздикти эмне үчүн жойбойт, эмнеге динчил адамдардын көбү Ыйык Китепте айтылгандарды аткарбайт деген суроолор бушайман кыла берчү. Ошон үчүн атеист болуп калгам. Мен заманды саясий төңкөрүш гана оңдойт деп ойлочумун.

1962-жылдан тарта «Ойгонгула!» журналын окуй баштадым. Ал эми 1963-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Окугандарым мага күчтүү таасир этти. Себеби Ыйык Китептен көптөгөн диндердин төбө чачты тик тургузган иштерди жасап жатканына Кудай жоопту эмес экенин, анын адамзатка карата эң сонун ой-ниети бар экенин билдим. Изилдей баштаганыман эки ай өткөндөн кийин башкаларга жакында азыркы бузулган дүйнө жок кылынып, жер жүзүн Кудайдын Падышалыгы башкарарын айта баштадым. Бир жылдан кийин, 1964-жылы, чөмүлдүм, 1966-жылы болсо атайын пионер болуп дайындалдым. Чындык өмүрүмдү сактап калды деп айта алам, анткени мурдагы тааныштарымдын айрымдары ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн, кээ бирөөлөрү түрмөгө камалган, дагы башкалары башка өлкөгө качууга аргасыз болушкан. Мен мурда келечектен үмүтүн үзүп койгон атеист элем. Азыр болсо адилдик өкүм сүрө турган жаңы заманды убадалаган Жахаба Кудайга кызмат кылып жатам. Жахабага мени ушундай адам кылып өзгөрткөнү үчүн миң мертебе ыраазымын!

Хуан бир тууган Бейтелде таңкы сыйынууну алпарууда