Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

«Падышалыкка болгон үмүт куру кыял эмес»

Ефрайн де ла Круз

«Падышалыкка болгон үмүт куру кыял эмес»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1918

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1949

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Жети жолу ар кайсы түрмөгө камалып, кордук көрсө да, чечкиндүүлүгүнөн жазбай, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айта берген.

1948-ЖЫЛЫ аялым Паула жана кызым болуп Бланко-Аррибадагы жыйналышка бара баштаганбыз. Ал жакка барып-келиш үчүн 40 километр жолду жөө басчубуз, бирок жыйналышты бир да жолу калтырган эмеспиз. Паула экөөбүз 1949-жылдын 3-январында чөмүлгөнбүз.

Ошондон алты ай өткөндөн кийин мен жана башка бир нече бир тууган соттолуп, үч айга түрмөгө камалдык. Биз сыз жерде уктачубуз. Күнүнө бир эле маал банан менен чай беришчү. Бийликтегилер бизди түрмөдөн бошотуп жатканда коркутуп-үркүтүп туруп коё беришкен. Алар бизди коркуп кабар айтпай калат деп ойлошкон. Бирок биз жолугушууларды жашыруун өткөрүп, кабар да айта бердик. Өлкөнүн агенттери дайыма аңдып жүргөндүктөн, жолугушууларды бир туугандардын үйлөрүндө, кофе өскөн талааларда жe фермаларда өткөрчүбүз. Бир жерде эмес, ар кайсы жерде чогулчубуз. Ар бир жолугушуунун аягында кийинкиси кайсы жерде болору айтылчу. Кабарга жалгыз чыкчубуз, жумушка бараткандагыдай кийинип алып, жаныбызга адабият же Ыйык Китеп алчу эмеспиз. Ошентсе да кармалып калган учурларыбыз болчу. Мен 1949—1959-жылдары улам камалып, кайра бошотулуп, жети башка түрмөгө отуруп чыктым. Ар бир мөөнөт үч айдан алты айга чейин созулган.

Мен аябай сак болушум керек болчу, анткени куугунтуктагандардын арасында туугандарым да бар эле. Колго түшүп калбаш үчүн тоолордо, фермада түнөгөн күндөрүм болду. Бирок кээде кармалып калчумун. Бир жолку соттолгонумда мени Сьюдад-Трухильодогу бир камерада 50-60 киши отурган Ла-Виктория деген түрмөгө камашты. Ал жактан күнүнө эки маал тамак иччүбүз: эртең менен жүгөрүдөн жасалган тамак, кечинде бир аз күрүч менен төө буурчак беришчү. Түрмөдөгү бир туугандардын баары жанындагыларга кабар айтчу. Биз эсибизде калган аяттарды жана кызматта болгон окуяларды айтып берип, жолугушууларды да өткөрүп турчубуз.

Акыркы жолу камалганымда бир аскер кызматчысы мылтыктын кундагы менен башка, кабыргага уруп-сабаган. Ошонун запкысын азыркыга чейин тартып келем. Бирок оор сыноолор ишенимимди, туруктуулугумду жана Жахабага кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүмдү бекемдеген.

Азыр 96га келип калдым, жыйналышта кызмат жардамчысымын. Ден соолугумдан улам көп баса албагандыктан үйүмдүн алдына отуруп алып ары-бери өткөндөргө кабар айтам. Падышалыкка болгон үмүт мен үчүн куру кыял эмес. Ошон үчүн 60 жылдан ашуун убакыттан бери ал тууралуу башкаларга айтып келем. Жаңы дүйнө жөнүндөгү жакшы кабарды жаңы укканда ага кандай ишенсем, азыр да ошондой бекем ишенем *.

^ абз. 3 Ефрайн де ла Круз ушул макала даярдалып жатканда көз жумган.