Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Доминикан Республикасы тууралуу кыскача маалымат

Доминикан Республикасы тууралуу кыскача маалымат

Аймагы. Доминикан Республикасы Эспаньола аралынын болжол менен үчтөн эки бөлүгүн түзөт, калганын Гаити түзөт. Өлкөнүн табияты ары кооз, ары көп түрдүү. Аймагында тропиктик нымдуу токойлор, аска-зоолор, мангр саздары бар, айрым жерлери чөлдүү келет. Эң эле бийик чоку болуп Дуарте чокусу (бийиктиги деңиз деңгээлинен 3 175 метр) саналат. Бул өлкө аппак кумдуу деңиз жээктери, Сибао сыяктуу түшүмдүү өрөөндөрү менен да өзгөчөлөнөт.

Калкы. Калкынын көбүн европалыктар менен африкалыктардан чыккан мулаттар түзөт. Азчылыкты түзгөн башка топтор да бар. Алардын ичинен гаитиликтер эң чоңу болуп саналат.

Тили. Мамлекеттик тили — испан тили.

Бир туугандар чер жазышып жатышат

Экономикасы. Негизги кирешенин булагы — кен казуу, шекер, кофе жана тамеки өндүрүү. Акыркы жылдары өлкөнүн экономикасы туризмдин жана өнөр жай ишканаларынын аркасында өнүгүүдө.

Климаты. Климаты жумшак, тропиктик. Жылдык орточо температурасы 250C. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы тоолуу аймактарда жаан көп жаайт, ал эми кургакчыл аймактарда көп жаабайт. Тропиктик бороон-чапкындар көп болуп турат.

Маданияты. Жергиликтүү калктын негизги тамагы — күрүч, маш буурчак жана жер-жемиштер. Деңиз тамак-ашын, тропик жемиштерин, калемпирдин түрлөрүн жана куурулган бананды да жакшы көрүшөт. Алардан көптөргө белгилүү ла бандера доминикана («Доминикан желеги» дегенди билдирет) деген тамакты жасашат. Доминикан эли бейсболду, музыканы, бийди, өзгөчө, меренге бийин абдан жакшы көрөт. Музыкалык аспаптардан эң эле белгилүүсү — гитара, барабан, флейта жана маримба.