Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОНУНЧУ БӨЛҮМ

Ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн

Ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн

1, 2. а) Илияс пайгамбардын эли эмне себептен алсырап, мүңкүрөп калган? б) Илияс пайгамбар кимдерге каршылык көрсөткөн?

ИЛИЯС ПАЙГАМБАР Кармел тоосунун чокусунан тоонун боору менен кыбырап чыгып келаткан элди карап турат. Таң агара элек болсо да, элдин ачкадан өзөрүп, чаалыгып-чарчаганын оңой эле байкаса болот. Үч жарым жылга созулган кургакчылыктын айынан байкуш эл жокчулукка жонун тосуп, мүңкүрөп калган экен.

2 Алар менен бирге Баалдын жорудай мойнун созуп, кекирейген 450 пайгамбары да каадалуу чыгып келатат. Алар Илияс пайгамбарды аябай жек көрүшөт. Изабел каныша Жахабанын далай пайгамбарынын көзүн тазалаган. Ошого карабай бул пайгамбар Баалдын алдына тизе бүкпөй, дагы деле каршылык көрсөтүп келет. Ал качанкыга чейин туруштук бере алат болду экен? Баалдын дин кызматчылары аны жалгыз башы менен акыры ийилип берет деп ойлошсо керек (1 Пад. 18:4, 19, 20). Эл чогулган жерге Ахап падыша да келет. Ал да Илияс пайгамбарды анча жактыра бербейт.

3, 4. а) Илияс пайгамбар корккон деп эмне үчүн айта алабыз? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Ошол оор күн Жахабанын жалгыз пайгамбары үчүн эстен кеткис болгон. Ал жакшы менен жамандын ортосундагы айыгышуу курчуп, чоң тирешүү болорун билип турду. Таң сөгүлүп келатканда аны кандай сезимдер чулгады болду экен? Ал «биздикиндей эле сезимдери бар киши болгондуктан» эмне болуп кетет деп корксо керек. (Оку: Жакып 5:17.) Бирок бир нерсени ишенимдүү түрдө айта алабыз: ал ишенимсиз элдин, Кудайдан баш тартып кеткен падышанын, Баалдын канкор пайгамбарларынын арасында өзүн ушунчалык жалгыз сезген (1 Пад. 18:22).

4 Ысрайыл элинин ушундай кейиштүү абалга келип калганынын себеби эмнеде эле? Мунун бизге кандай тиешеси бар? Анда эмесе, Илияс пайгамбардан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.

Эзелки тирешүүнүн туу чокусу

5, 6. а) Ысрайыл жеринде кандай кастык болгон? б) Ахап падыша Жахабанын жүрөгүн ооруткан кандай иштерди кылган?

5 Илияс пайгамбар чыныгы сыйынуунун баркка алынбай калганына өмүр бою күбө болуп келет. Чыныгы дин менен жалган диндин, Жахабага сыйынуу менен Баалга сыйынуунун ортосундагы кастык Ысрайылды бөлүп-жарып келет. Бул кастык Илияс пайгамбардын күндөрүндө болуп көрбөгөндөй күчөдү.

6 Ахап падыша Жахабанын жүрөгүн ооруткан иштерди кылып келет. Ал Сидон падышасынын Изабел деген кызына үйлөнгөн болчу. Изабел Жахабага сыйынууну түп-тамырынан бери жулуп, Баалга сыйынууну жайылтууга бүт күчүн жумшаганы жумшаган. Ахап бат эле анын жаман тилине кирип, арам оюна ооп кеткен. Ал Баалга арнап ибадаткана менен курмандык жайын куруп, өзү да ага сыйынганы аз келгенсип, элди да ошого түрткөн (1 Пад. 16:30—33).

7. а) Баалга сыйынуу эмнеси менен жаман болгон? б) Кургакчылыктын канчага созулганына байланыштуу Ыйык Китепте айтылгандар эмне үчүн бири-бирине карама-каршы келбейт? ( Кутучаны да карагыла.)

7 Баалга сыйынуу эмнеси менен жаман болгон? Ага сыйынган ысрайыл эли бузулуп, чыныгы Кудайдан алыстап кеткен. Ал динге ыпыластык, ырайымсыздык мүнөздүү болчу. Баалдын ибадатканасында аялдар да, эркектер да сойкулук кылышкан, сыйынуу учурунда эл адеп-ахлаксыз иштерге берилген, атүгүл балдарды курмандыкка чалган. Ушундан улам Жахаба Ахапка кургакчылык болорун жана ал Илияс пайгамбар жарыяламайынча улана берерин айттырган (1 Пад. 17:1). Андан бери бир нече жыл өттү. Эми пайгамбар падышага барып, элди жана Баалдын пайгамбарларын Кармел тоосуна чогултууну айтып олтурат *.

Баалга сыйынууга мүнөздүү нерселер бүгүн да кеңири таралган

8. Баалга сыйынуу жөнүндөгү билдирүү бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?

8 Баалга сыйынууга байланыштуу билдирүү бизди эмне үчүн кызыктырышы керек? Айрымдар бүгүнкү күндө Баалдын ибадатканалары, курмандык жайлары жок болгондуктан, бул билдирүүнүн бизге эч кандай тиешеси жок деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул жөн эле бир байыркы окуя эмес (Рим. 15:4). «Баал» деген сөз «кожоюн» же «мырза» дегенди билдирет. Жахаба өзүнүн элине аны «баал» катары, тактап айтканда, «кожоюну» катары тандашы керектигин айткан (Ыш. 54:5). Биздин убакта да адамдардын Кудурети Күчтүү Кудайга эмес, толгон-токой башка «кожоюндарга» кызмат кылып жатканына кошулат чыгарсыңар. Алар Жахабага сыйынгандын ордуна, акчаны, жумушту, көңүл ачууну, адеп-ахлаксыздыкты, ошондой эле башка сансыз кудайларды «кожоюн» кылып алып, аларга кызмат кылып жатышат. (Мт. 6:24; оку: Римдиктер 6:16.) Ооба, кандайдыр бир мааниде Баалга сыйынууга мүнөздүү айрым нерселер бүгүнкү күндө да кеңири таралган. Жахабага сыйынуу менен Баалга сыйынуунун ортосундагы тирешүү жөнүндө ой жүгүртүү кимге кызмат кылышыбыз керектигин тандоодо туура чечим чыгарууга жардам берет.

«Аксаган» эл

9. а) Эмне үчүн Кармел тоосу Баалга сыйынуунун акылсыздык экенин көрсөтүүгө ылайыктуу жер болгон? (Шилтемени да карагыла.) б) Илияс пайгамбар элге эмне деген?

9 Кармел тоосунун чокусунан Кишон өрөөнүнөн тартып Улуу деңизге чейинки жер алаканга салгандай көрүнүп турат *. Түндүк тараптан Лебанондун бүдөмүктөгөн чокулары байкалат. Бирок таң агарып, жарык шооласы жайыла баштаганда, айлана даана көрүнүп, кишинин зээнин кейитет. Жахаба Ыбрайым пайгамбардын урпактарына берген бир кездердеги мөмөсү жерге төшөлгөн, берекелүү бул асыл жер эми минтип күндүн ырайымсыз нурларына куйкаланып, кумсарып турат. Мунун баары ысрайылдыктардын акылсыздыгынын айынан. Илияс пайгамбар чогулган элге: «Качанкыга чейин эки анжы ойдо болуп, аксап жүрө бересиңер? Эгер Жахаба чыныгы Кудай болсо, аны ээрчигиле. Эгер Баал чыныгы Кудай болсо, анда аны ээрчигиле»,— деп айтат (1 Пад. 18:21).

10. Илияс пайгамбардын эли кандай мааниде «эки анжы ойдо болуп, аксаган» жана кайсы маанилүү нерсени унутуп койгон?

10 Илияс пайгамбар: «Качанкыга чейин эки анжы ойдо болуп, аксап жүрө бересиңер?» — деп, эмнени айткысы келген? Ысрайыл эли же Жахабаны, же Баалды тандашы керектигин түшүнгөн эмес. Алар жийиркеничтүү каада-салттарын аткарып Баалга жагынып, ошол эле учурда Жахабадан бата сурап жүрө берсе болот деп ойлошкон. Кыязы, алар Баал мал-жанына, түшүмүнө батасын берсе, «асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» согуштарда коргойт деп ойлошкон (1 Шем. 17:45). Бирок алар бүгүнкү күндө көптөр түшүнбөгөн маанилүү бир нерсени унутуп коюшкан: Жахаба Кудай бир гана өзүнө сыйынышыбызды каалайт. Ал — толук берилгендикти талап кылат жана ошого татыктуу Кудай. Ал ага сыйынып жатып, ошол эле учурда башка кудайларга да табынгандардын сыйынуусун кабыл албайт, атүгүл жийиркеничтүү деп эсептейт. (Оку: Чыгуу 20:5.)

11. Илияс пайгамбардын Кармел тоосунда айткан сөздөрү өзүбүздү текшерүүгө кандайча жардам берет?

11 Ооба, ысрайыл эли «аксап» жүргөн эле. Алар бир эле учурда эки жол менен жүрүүгө аракет кылган кишиге окшоп калган. Бүгүн да көптөр жашоосуна ар кандай «баалдардын» тымызын кирип кетишине жол берип, Кудайды унутуп коюшту. Илияс пайгамбардын сөздөрү жашообузда эмнелер биринчи орунда турганын жана Кудайга кантип сыйынып жатканыбызды текшерүүгө жардам берет.

Ким чыныгы Кудай?

12, 13. а) Илияс пайгамбар эмне кылууну сунуштаган? б) Илияс пайгамбардай болуп, Кудайга бекем ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз?

12 Илияс пайгамбар элге ким чыныгы Кудай экенин текшерип көрүүнү сунуштайт. Шарт боюнча, Баалдын пайгамбарлары курмандык жайын тургузуп, үстүнө малдын этин коюп, кудайынан аны от менен жалмап кетишин суранышы керек эле. Илияс пайгамбар да ошондой кылмак. Ал: «Кимиси от жиберип жооп берсе, ошонусу — чыныгы Кудай»,— деп айтат. Пайгамбар ким чыныгы Кудай экенин жакшы билген. Анын ишеними күчтүү болгондуктан, каршылаштарына биринчи баштоого жол берет. Ошентип, алар курмандык чалганга букачар даярдай башташат * (1 Пад. 18:24, 25).

13 Биздин күндөрдө кереметтер болбойт. Ошентсе да Жахаба эч өзгөргөн жок. Биз ага, Илияс пайгамбарды туурап, кымындай да шектенбей, бекем ишенсек болот. Мисалы, кимдир бирөө Ыйык Китепте жазылгандарга кошулбаса, ага өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берүүдөн коркпошубуз керек. Андайда, Илияс пайгамбардай болуп, андай адамдарга чындыкты түшүнүүгө Кудай өзү жардам берерине күмөн санабасак болот. Ан үчүн өзүбүзгө эмес, «оңдоо үчүн» жазылган Кудайдын Сөзүнө таянышыбыз зарыл (2 Тим. 3:16).

Илияс пайгамбар Баалга сыйынуунун калпка негизделгенин билген, элдин да ошону түшүнүшүн каалаган

14. Илияс пайгамбар Баалдын пайгамбарларын эмне деп шылдыңдаган жана эмне үчүн?

14 Баалдын пайгамбарлары курмандыгын даярдап, кудайына кайрыла башташат. Алар: «Баал, бизге жооп бер!» — деп кайра-кайра кыйкырышат. Мүнөттөр саатка кошулуп, акырындап убакыт өтө берет. «Бирок эч кандай үн угулган жок»,— делет Ыйык Китепте. Түшкө жакын Илияс пайгамбар аларды: «Үнүңөрдү болушунча катуу чыгарып кыйкыргыла, ал кудай эмеспи, балким, колу бошобой жаткандыр же дааратканага кирип кеткендир. Же балким, уктап жаткандыр, анда аны ойготуш керек!» — деп шылдыңдайт. Ооба, пайгамбар Баалга сыйынуунун курулай калпка негизделгенин жакшы билген жана элдин да ошону түшүнүшүн каалаган (1 Пад. 18:26, 27).

15. Баалдын пайгамбарлары менен болгон окуядан Жахабадан башка кудайларга сыйынуу акылсыздык экени кандайча көрүнүп турат?

15 Илияс пайгамбардын сөздөрүнөн кийин алар ого бетер күчөп, акылынан айныган кишилерче «болушунча катуу кыйкырып, өздөрүнүн адаты боюнча дене мүчөлөрүн кан аккыча бычак менен кескилеп, найза менен сайгылай башташат». Бирок мындан майнап чыкпайт. Эч кандай үн да угулган эмес, эч кандай жооп да болгон эмес (1 Пад. 18:28, 29). Чын эле Баал жок болсо, ким жооп бермек эле? Ал Шайтандын адамдарды Жахаба Кудайдан алыстатыш үчүн ойлоп тапкан амалы болчу. Бүгүнкү күндө да Жахабага эмес, жалган кудайларга сыйынгандардын көңүлү кайт болуп, атүгүл уятка калышат. (Оку: Забур 25:3; 115:4—8.)

Жооп

16. а) Илияс пайгамбар курмандык жайын оңдогондо элдин эсине эмнени салган? б) Илияс пайгамбар Кудайына бекем ишенерин дагы кантип көрсөткөн?

16 Кечке жуук кезек Илияс пайгамбарга келип жетет. Ал адегенде 12 таш алып, чыныгы сыйынууга каршыккан душмандар талкалап салган курмандык жайын оңдойт. Муну менен ал Ысрайылдын 10 уруусунун эсине маанилүү бир нерсени салгысы келген: алар Кудайдын 12 урууга берген мыйзамына дагы деле баш ийүүгө милдеттүү болчу. Анан букачарды курмандык жайына коюп, сыягы, Жер Ортолук деңизден алынып келген суудан үстүнө жаба куят. Атүгүл курмандык жайын тегерете чуңкур казып, ага да суу толтурат. Ал Баалдын пайгамбарларына оттун кымындай учкуну болсо эле дүрт этип күйүп кеткидей кылып, бардык шарттарды түзүп берген, ал эми өзү чоң от жакса да күйгүс кылып, баарын былчылдатып сууга толтуруп салган. Кандай гана күчтүү ишеним! (1 Пад. 18:30—35).

Илияс пайгамбар элинин камын ойлоп, алардын Жахабага кайрылышын самаган

17. Илияс пайгамбар эмнени каалаган, биз аны кантип туурай алабыз?

17 Бардыгы даяр болгондо Илияс пайгамбар Кудайга кайрылып тиленет. Анын жөнөкөй, бирок маанилүү ойлор камтылган тиленүүсүнөн кимге таянары айкын көрүнүп турган. Ал, биринчиден, элдин «Ысрайылдын Кудайы» Баал эмес, Жахаба экенин түшүнүшүн каалаган. Экинчиден, элдин баары анын Жахабанын кызматчысы экенин жана бардык даңк, урмат-сый Жахабага гана ыйгарылышы керектигин билишин каалаган. Андан тышкары, дагы деле элинин камын ойлоп, алардын Жахабага кайрылышын самаган (1 Пад. 18:36, 37). Ал элдин айынан көп азап чексе да, ичи муздап калбай, аларды жакшы көрө берген. Кудайдан тиленгенибизде биз да анын ысмынын даңкталышын каалаарыбызды жана жардамга муктаж болуп жаткан адамдарга боорубуз ачып жатканын момундук менен көрсөтөбүзбү?

18, 19. а) Жахаба Илияс пайгамбардын тиленүүсүнө кантип жооп берген? б) Илияс пайгамбар элге эмне кылууну буйруган жана Баалдын пайгамбарлары эмне үчүн ырайымга татыктуу эмес болчу?

18 Илияс пайгамбар тиленгенге чейин эл Жахаба Кудай Баалдай эле эч нерсеге арзыбаган кудай болуш керек деп ойлогон чыгар. Бирок пайгамбар тиленип бүткөндөн кийин алардын көз карашы түп-тамыры менен өзгөргөн. Ыйык Китепте: «Ошондо Жахабадан от түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, отундарды, таштарды, топуракты жана чуңкурдагы сууну жалмап кетти»,— делет (1 Пад. 18:38). Эмне деген керемет! Муну көргөн эл эмне кылган?

«Жахабадан от түштү»

19 Алар: «Жахаба — чыныгы Кудай! Жахаба — чыныгы Кудай!» — деп кыйкырышкан (1 Пад. 18:39). Ошондо элдин көзү ачылган. Анткен менен бул алардын Кудайга чындап ишенип калганын көрсөткөн эмес. Ачыгын айтканда, асмандан от түшкөнү үчүн эле Жахабаны чыныгы Кудай деп коюуну бекем ишенимдин далили деп айтуу кыйын. Ошондуктан Илияс пайгамбар элдин Кудайга болгон ишенимин далилдешин каалаган. Ал элге көп жыл мурун эле кылышы керек болгон нерсени — Жахабанын мыйзамын аткарышы керектигин — айткан. Мыйзамга ылайык, башка кудайларга сыйынып кеткендер менен жалган пайгамбарлар өлүм жазасына тартылышы керек болчу (Мыйз. 13:5—9). Баалдын пайгамбарлары Жахаба Кудайдын эркинин аткарылышына атайлап каршы чыккан айыгышкан душмандар эле. Алар Кудайдын ырайымына татыктуу беле? Өздөрү Баалга кичинекей бейкүнөө балдарды чыркыратып курмандыкка чалып жатканда аларды аяп, ырайым кылышты беле? (Оку: Накыл сөздөр 21:13; Жер. 19:5.) Ал пайгамбарлар ырайымга татыктуу эмес болчу! Ошон үчүн Илияс пайгамбар аларды өлтүрүүнү буйруган (1 Пад. 18:40).

20. Сынчылардын Баалдын пайгамбарларынын өлтүрүлгөнүнө карата терс көз карашта болгону эмне үчүн негизсиз?

20 Бүгүнкү күндөгү сынчылар Кармел тоосунда Баалдын пайгамбарларынын өлтүрүлгөнүнө карата терс ойдо болушу мүмкүн. Айрымдар болсо диний фанаттар ошого таянып, башка диндердин өкүлдөрүнө зордук-зомбулук көрсөткөнүн акташат деп тынчсызданышы ыктымал. Тилекке каршы, бүгүн диний фанаттар аз эмес. Бирок Илияс пайгамбар фанат болгон эмес. Ал Жахабанын адилет өкүмүн жүзөгө ашырган. Бирок Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары, Илияс пайгамбардай болуп, жамандык кылгандарга каршы кылыч көтөрүшпөйт. Алар Иса пайгамбардын элчи Петирге: «Кылычыңды кынына сал, анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт» — деп, жолдоочуларынын баарына тиешелүү кылып айткан сөздөрүнө ылайык иш кылышат (Мт. 26:52). Алар Жахаба Кудай жакында Уулу аркылуу жер бетинде адилеттикти өзү орноторуна бекем ишенишет.

21. Илияс пайгамбардан эмнеге үйрөнө алабыз?

21 Кудайдын кызматчыларынын жашоосунан бекем ишеними көрүнүп турушу керек (Жкн. 3:16). Ишеним көрсөтүүнүн бир жолу — Илияс пайгамбар сыяктуу ишенимдүү кишилерди тууроо. Ал Жахабага гана кызмат кылган, башкаларды да ошого үндөгөн. Ошондой эле кайраттуулук менен Шайтан ойлоп тапкан жалган диндин бетин ачкан. Андан тышкары, өзүнө эмес, Жахабага таянган. Ооба, ал чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөн. Келгиле, ишеними күчтүү Илияс пайгамбардан мындан ары да үлгү ала берели!

^ 9-абз. Кармел көк шибер төшөлгөн, бак-шактуу тоо болчу. Деңиз тараптан нымдуу жел согуп тургандыктан, тоонун боорундагы өсүмдүктөр жаан-чачын, шүүдүрүм менен сугарылып турган. Баал жаан жаадырган кудай деп эсептелгендиктен, ага табынгандар ал тоону ыйык тутушчу. Андыктан өсүмдүктөрү эбак эле куурап калган, какшыган Кармел тоосу Баалга сыйынуунун акылсыздык экенин көрсөтүүгө эң ылайыктуу жер болгон.

^ 12-абз. Илияс пайгамбардын Баалдын кызматчыларына: «Бирок от жакпагыла»,— деген сөздөрү көңүлгө аларлык. Айрым окумуштуулардын айтымында, жалган кудайларга сыйынгандардын кээ бирлери, курмандыкты күйгүзүп кеткен от табияттан тыш пайда болгондой көрүнүшү үчүн, курмандык жайынын астына көрүнбөгөн оюк жасап коюшчу.