Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Жашоомдо ээ болгон эң чоң сыйлык

Жашоомдо ээ болгон эң чоң сыйлык
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1967

  • ӨЛКӨСҮ: ФИНЛЯНДИЯ

  • МУРУН: КЕСИПКӨЙ ТЕННИСЧИ БОЛГОН

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

Мен Финляндиядагы Тампере шаарынын чет жакасындагы тынч, жапжашыл болгон аймакта чоңоюп-өскөм. Үй-бүлөбүз динчил эмес болчу, бирок билим алууну, адеп эрежелерине карманууну абдан баалачу. Апам немис улутунан болгондуктан, Батыш Германияга, таята-таенемдикине, көп барчубуз.

Бала кезимен эле спортко аябай кызыкчумун. Кичинекей кезимде спорт оюндарынын баарын ойночумун, бирок 14 жашка чыкканымда теннисти тандап алдым. 16га чыккыча күнүнө эки же үч жолу машыкчумун: эки жолу профессионалдык машыгуу болчу, кечинде болсо өзүмчө машыкчумун. Оюндун ар тараптуу болгону — денеңди да, акылыңды да машыктырган аябай жакчу. Досторум менен көп чогулуп, сыра ичсем да, баңгизат колдонуп же ичкиликке берилип кеткен жокмун. Теннис жашоомдо эң негизги орунда турчу.

17 жашыман тартып, КТАда ойной баштадым a. Бир нече спорттук мелдеште жеңип чыккандан кийин, бүт өлкөгө таанымал болуп калдым. 22 жашымда дүйнө жүзүндөгү 50 мыкты теннисчинин катарына кошулдум.

Бир нече жыл дүйнөнү кыдырып, профессионалдык теннис ойноп жүрдүм. Ар кандай кооз жерлерди көрдүм, бирок дүйнөлүк көйгөйлөрдүн, анын ичинде кылмыштуулуктун, баңгиликтин кулач жайганын, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышы күч алып баратканын байкадым. Мисалы, Кошмо Штаттарда жүргөндө, кээ бир шаарлардын айрым аймактарында кылмыштуулук кеңири жайылганына байланыштуу ал жактарга барбашыбыз керектиги эскертилген. Ушунун баары көңүлүмдү чөгөрчү. Андан тышкары, кечке чейин жакшы көргөн ишим менен алек болсом да, кечинде көкүрөгүмдөгү боштуктун толбогонун сезчүмүн.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

Сүйлөшкөн кызым Саннэ Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Анын динге кызыгып жатканына бир аз таң калсам да, изилдешине каршы болгон жокмун. Экөөбүз 1990-жылы баш коштук, кийинки жылы ал Жахабанын Күбөсү болду. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, Кудайдын бар экенине ишенсем да, өзүмдү динчил адамдардын катарына кошчу эмесмин. Бирок кичине кезимде таенемдин Ыйык Китепти көп окуп бергени, кантип тилениш керектигин үйрөткөнү эсимде болчу.

Бир күнү Саннэ экөөбүз Жахабанын Күбөсү болгон жубайлардыкына барып калдык. Кари мага Ыйык Китептен «акыркы күндөргө» байланыштуу пайгамбарлык сөздү окуп берди (2 Тиметей 3:1—5). Бул мага ушунчалык таасир этти, ошондо дүйнөдөгү абалдын эмне үчүн оордоп баратканын түшүндүм. Ал күнү дин жөнүндө көп деле сүйлөшкөн жокпуз. Бирок ошондон тартып, Кари менен Ыйык Китеп жөнүндө көп сүйлөшө баштадык жана уккандарымдын баары туура экенине ынанып жаттым. Бош убактым жок болгондуктан жана башка жактарга көп баргандыктан, Кари менен дайыма жолугуп сүйлөшүп туруу оңойго турган жок. Ошентсе да Кари багынбастан, изилдөө учурунда берген суроолорума кат аркылуу жооп берип турчу. Ыйык Китепте жашоого байланыштуу мааниси терең суроолорго акылга сыярлык, жөнөкөй эле жооп берилерин билип, акырындык менен негизги теманы, Кудайдын ой-ниети Анын Падышалыгы орногондо гана ишке ашарын түшүнө баштадым. Кудайдын аты Жахаба экенин жана анын биз үчүн эмнелерди кылганын билгенимде жүрөгүм козголду (Забур 83:18). Баарынан да кун формалдуу түрдө же юридикалык түрдө көрүлгөн чара эле эмес, Кудайдын бизди сүйөрүнүн далили экенин билгеним жүрөгүмдү көзөп өттү (Жакан 3:16). Булардан тышкары, менде Кудай менен дос болууга жана тынчтык өкүм сүргөн бейиш заманда түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдим (Жакып 4:8). Ошондо: «Ыраазычылыгымды кантип көрсөтө алам?» — деп ойлоно баштадым.

Жашоомду кантип өткөрүп жатканым тууралуу терең ойлондум. Ыйык Китептен алганга караганда берген бактылуу экенин билдим, ошондуктан ишенгендерим жөнүндө башкаларга айтып бергим келе баштады (Элчилер 20:35). Кесипкөй спортчу катары мелдештерге катышыш үчүн жылына 200 күндөй үйдөн алыс жакта жүрүүгө туура келчү. Машыгуум, күн тартибим жана карьерам негизги орунда тургандыктан, бүт үй-бүлөм мага ылайыкташчу. Ошо себептен жашоомду өзгөртүшүм керектигин түшүндүм.

Зор жетишкендиктерди убада кылган спорттогу карьерамдан диний себептен улам баш тартканымды көптөр түшүнмөк эмес. Бирок теннис ойноодон утуп алган сыйлыкка караганда Жахабаны жакшыраак билүү жана түбөлүк өмүргө ээ болуу мүмкүнчүлүгү алда канча маанилүү болчу, ошондуктан туура чечим чыгаруу кыйынга деле турган жок. Башкалар эмне дебесин, айткандарына көңүл бурбоону чечтим, анткени бул мен өзүм чыгарыш керек болгон чечим болчу. Ушу сыяктуу кысымдарды көтөрүп кетүүгө, өзгөчө, Ыйык Китептеги Забур 118:6дагы: «Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм. Пенде мага эмне кыла алат?» — деп жазылгандар күч берди.

Ошол кездерде айрым демөөрчүлөр көптөгөн жылдар бою профессионалдык теннис ойноп, эч нерседен кам санабай, майкөл-сүткөл жашоого шарт түзгөн жумуштарды сунушташты. Бирок мен чечимиме бек карманып, ал сунуштарды кабыл алган жокмун, ошондой эле КТАнын мелдештерине катышпай калдым. Ыйык Китепти изилдөөмдү андан ары улантып, 1994-жылдын 2-июлунда Жахабанын Күбөсү болдум.

ПАЙДАСЫ

Мен болсо Кудай жөнүндө ойлонгонго түрткү алыш үчүн башыман чоң азаптарды өткөргөн деле жокмун. Ошол эле учурда чындыкты издеп жүргөн киши болчумун деп да айта албайм. Мен жашоом жакшы, эч нерсеге муктаж эмесмин деп ойлочумун. Бирок күтүүсүз жерден эле Ыйык Китептеги чындыкты билип калдым. Жашоонун маңызы бар экенин жана жашоом мен элестеткенден да сонун болорун түшүндүм. Үй-бүлөбүз бекем жана аябай ынтымактуу болуп калды. Үч уулум да менин жолумду — спортчу катары эмес, Кудайга бекем ишенген киши катары — жолдоп келатканына ыраазымын.

Мен дагы деле теннис ойногондон рахат алам. Көп жылдардан бери тенниске байланыштуу иштер менен алектенип, акча табам. Маселен, теннис боюнча машыктыруучу жана теннис борборунун жетекчиси катары иштеп келем. Бирок спорт жашоомдо негизги орунда турбайт. Мурда мыкты теннисчи, чемпион, болуш үчүн жума сайын көп саат машыкчумун. Азыр болсо бүт убактымды жакшы кабарды жарыялоого жумшап, башкаларга жашоону түп-тамыры менен өзгөртө турган Ыйык Китептеги принциптерди билгенге жана жашоосунда колдонгонго жардам берип жатам. Жахаба Кудай менен болгон мамилеңди биринчи орунга коюу жана жаркын келечек тууралуу башкаларга айтуу зор кубаныч тартуулай турганына ынанып келем (1 Тиметей 6:19).

a КТА Кесипкөй теннисчилердин ассоциациясы деп чечмеленет. Бул ассоциация ар кайсы аймактагы кесипкөй теннисчилердин оюнун уюштуруп, көзөмөлдүк кылат. КТА уюштурган оюндар өз ичине спортчулардын упайлары эсептелген жана жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарылган бир нече профессионалдык мелдештерди камтыйт. Мелдештерде ар бир оюнчунун упайынын жалпы саны эсептелип, дүйнө жүзүндөгү оюнчулардын рейтинги аныкталат.