Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп өзгөрүлүп же бурмаланып кетти беле?

Ыйык Китеп өзгөрүлүп же бурмаланып кетти беле?

Жок. Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларын салыштырып көргөндө анын, канча жолу көчүрүлүп келгенине жана тез эле жарактан чыгып кала турган материалдарга жазылганына карабай, миңдеген жылдардан бери эч өзгөрбөгөнү аныкталган.

Бул көчүрүлүп жатканда эч ката кеткен эмес дегенди билдиреби?

 Ыйык Китептин миңдеген байыркы кол жазмалары табылган. Алардын айрымдарында бир аз айырмачылыктар бар. Бул көчүрмөчүлөрдүн көчүрүп жатканда ката кетирип алганын көрсөтүп турат. Ал айырмачылыктардын көбү анча деле олуттуу эмес жана тексттин мазмунуна эч таасир этпейт. Бирок анча-мынча жерлеринде эле атайын бурмалоо максатында киргизилген айырмачылыктар бар экени аныкталган. Анда эки мисалды карап көрөлү:

  1.   Ыйык Китептин байыркы котормолорунун айрымдарында 1 Жакан 5:7де мындай сөздөр бар: «Асманда Ата, Сөз жана Ыйык Рух; бул үчөө бир». Бирок ишеничтүү кол жазмалардан бул сөздөрдүн түп нускада жок экени анык болгон. Бул сөздөр кийинчерээк кошулган a. Ошондуктан Ыйык Китептин ишенимге татыктуу азыркы котормолорунда бул сөздөр кездешпейт.

  2.   Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында Кудайдын ысымы миңдеген жолу кездешет. Бирок Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунан ал ысымды алып салып, анын ордуна «Теңир» же «Кудай» деген наамдарды жазып коюшкан.

Ыйык Китептин көчүрмөлөрүндө ката көп эмес экенине эмне үчүн ишенсек болот?

 Учурда көптөгөн байыркы кол жазмалар табылгандыктан, көчүрүп жатканда кандай каталар кеткенин аныктоо кыйынга турбайт b. Ошол кол жазмаларды салыштыруунун аркасында биздин күндөрдөгү Ыйык Китептин тактыгына байланыштуу эмнелер айкын болду?

  •   Уильям Хенри Грин деген окумуштуу Еврей Жазмаларына (Байыркы Келишим) байланыштуу мындай деген: «Байыркы эмгектердин бири да мынчалык так көчүрүлгөн эмес деп ишенимдүү түрдө айтууга болот».

  •   Фридерик Брюс аттуу окумуштуу Грек Жазмалары (Жаңы Келишим) тууралуу мындай деп жазган: «Так экенине эч ким шек санабаган байыркы классикалык китептерге караганда, Жаңы Келишимдин так экенин тастыктаган далилдер алда канча көп».

  •   Ыйык Китептин кол жазмаларынын тактыгын баса белгилеген Фредерик Кеньон: «Ыйык Китепти колуна алган адам анын жүздөгөн жылдар бою эч өзгөрбөй, муундан-муунга өтүп келген Кудайдын Сөзү экенин эч коркпой, шектенбей айта алат»,— деген.

Ыйык Китептин так көчүрүлгөнүнө дагы кандай далилдер бар?

  •   Жүйүттөр да, Иса Машаяктын жолдоочулары да Ыйык Китепти көчүрүп жатканда Кудайдын элинин күнөөлөрү жөнүндөгү билдирүүлөрдү алып салышкан эмес c (Сандар 20:12; 2 Шемуел 11:2—4; Галатиялыктар 2:11—14). Ошондой эле жүйүт элинин баш ийбестиги жана адамдардын эрежелерди чыгарып алганы тууралуу билдирүүлөр да сакталып калган (Ошуя 4:2; Малаки 2:8, 9; Матай 23:8, 9; 1 Жакан 5:21). Көчүрмөчүлөр буларды так көчүрүү менен ишенимдүү экенин жана Кудайдын ыйык Сөзүн жогору баалаарын көрсөтүшкөн.

  •   Ыйык Китепти Кудай өзү жаздырса, анда анын биздин күндөргө чейин бурмаланып кетпей сакталып калышына кам көрө алат беле? d (Ышая 40:8; 1 Петир 1:24, 25). Кудай ал китептен байыркы учурдагы эле эмес, азыркы учурдагы адамдардын да пайда алышын каалаган (1 Корунттуктар 10:11). Ооба, «туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (Римдиктер 15:4).

  •   Иса пайгамбар жана анын жолдоочулары Еврей Жазмаларынын тактыгынан эч шектенишкен эмес. Элди окутуп жатканда алар ошол байыркы кол жазмалардан үзүндү келтиришчү (Лука 4:16—21; Элчилер 17:1—3).

a Бул сөздөр Синай кодексинде, Александрия кол жазмасында, Ватикан кол жазмасында (1209), латын тилиндеги «Вульгатада», сирия тилиндеги «Филоксений-Гаркел» жана «Пешитта» котормолорунда кездешпейт.

b Мисалы, Жаңы Келишим деп да белгилүү болгон Грек Жазмаларынын 5 000ден ашык кол жазмасы табылган.

c Ыйык Китепте Кудайдын элин жетектегендер кемчиликсиз кишилер катары сүрөттөлбөйт. Анда «күнөө кылбаган киши жок» экени ачык эле айтылат (1 Падышалар 8:46).

d Кудай пайгамбарларга эмне жазышты сөзмө-сөз айтпаса да, Ыйык Китепте анын эмне жазышты алардын оюна салып турганы айтылат (2 Тиметей 3:16, 17; 2 Петир 1:21).