Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Берилгендик кеме казык сыңары, бороон-чапкындуу мезгилде никеңерди сактап калат

ЖУБАЙЛАРГА

1 Берилгендик

1 Берилгендик

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Бири-бирине берилгендик сактоого чечкиндүү жубайлар никени түбөлүктүү түйүн катары көрүшөт. Мунун аркасында өздөрүн коопсуз сезишет. Күйөөсү да, аялы да түгөйүнүн атүгүл кыйын учурларда да аны таштап кетпей турганына бекем ишенет.

Айрымдар туугандары же дагы башкалар ажырашышын туура көрбөгөндүктөн эле чогуу жашаганга аргасыз болушу мүмкүн. Бирок экөөнүн тең бири-бирин сүйүп, урматтагандыктан берилгендик сактаганы алда канча жакшы.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Күйөөсү... аялын таштабасын» (1 Корунттуктар 7:11).

«Эгер жарыңа берилгендик сактоого чечкиндүү болсоң, таарынганга шашпайсың. Тескерисинче, дароо кечиресиң, дароо кечирим сурайсың. Көйгөйлөрдү ажырашууга себеп катары эмес, тек гана тоскоолдук катары көрөсүң» (Миха).

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Өмүрлүк жарына берилгендик сактоого чечкиндүү болбогондор адатта кыйынчылыкка кабылганда: «Бири-бирибизге төп келбейт экенбиз»,— деп ойлоп, ажырашуунун жолун издей башташат.

«Көптөр кийин бир нерсе болсо, ажырашып кетем деген ой менен турмуш курушат. Андайлардын никеси башынан эле начар түптөлгөн болот» (Жэн).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

ӨЗҮҢӨРДҮ ТЕКШЕРИП КӨРГҮЛӨ

Талашып-тартышканда...

  • Жарыңар менен баш кошконуңарга өкүнгөн учуруңар болобу?

  • Башка бирөө жөнүндө кыялданасыңарбы?

  • «Кетем» же «Баркыма жете турган башка бирөөнү таап алам» деген сыяктуу сөздөрдү айтасыңарбы?

Эгер ушул суроолордун бирине же бир нечесине «ооба» деп жооп берсеңер, анда берилгендигиңерди азыр чыңдашыңар керек.

ЖАРЫҢАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП КӨРГҮЛӨ

  • Бири-бирибизге болгон берилгендигибиз солгундап калган жокпу? Ошондой болсо, эмне үчүн?

  • Берилгендигибизди чыңдаш үчүн азыр кандай кадамдарды жасашыбыз керек?

КЕҢЕШ

  • Мезгил-мезгили менен жубайыңарга сүйөрүңөрдү билдирген сөздөрдү жазып тургула

  • Жарыңарга берилгендик сактаарыңарды көрсөтүш үчүн иштеген жериңерге анын сүрөтүн коюп алгыла

  • Жумушта же дагы башка жакта жүргөндө ага күнүгө телефон чалып тургула

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6).