Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмгекчил болууга үйрөнүү көнүгүү жасоого окшош. Ал сага азыр да, келечекте да пайда алып келет

ЖАШТАРГА

11 Эмгекчил болуу

11 Эмгекчил болуу

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Эмгекчил киши жумуштан качпайт. Тескерисинче, кылып жаткан иши жөнөкөй болсо да, өзүнүн муктаждыктарын канааттандырыш үчүн жана башкаларга жардам бериш үчүн жан үрөп иштегенден кубаныч алат.

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Каалайбызбы же жокпу, жашоодо жоопкерчиликтер абдан көп. Көптөр оор жумуштан качкан азыркы дүйнөдө эмгекчил адамдар жогору бааланат (Насаатчы 3:13).

«Күжүрмөн эмгектенсең, өзүң менен сыймыктанып, канааттануу алат экенсиң. Мындай сезим мага жумушту жакшы көрүүгө жардам берип келет. Ишке карата туура көз карашта болуп, аны мыкты аткарсаң, жакшы абройго да ээ болосуң» (Раэн).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Ар бир эмгектен пайда бар» (Накыл сөздөр 14:23).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Төмөнкү нерселер жумушка карата оң маанай сактаганга көмөк кылат.

Бир нерсени жакшы кылууга үйрөнгөндөн кубаныч ал. Үй иштерин жасайсыңбы, мектептен берилген тапшырмаларды аткарасыңбы же жумушта иштейсиңби, баарын жан-дилден кыл. Кайсы бир ишти жакшы аткаргандан кийин аны батыраак же дагы сапаттуураак кылууга умтула бер. Канчалык дасыксаң, ишиңен ошончолук ыракат аласың.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Өз ишин мыкты билген кишини көрдүң беле? Ал жөнөкөй адамдардын эмес, падышалардын алдында турат» (Накыл сөздөр 22:29).

Жагдайга кененирээк кара. Жоопкерчиликтериңди жакшы аткаруу менен дээрлик ар бир учурда башкаларга пайда алып келесиң. Алсак, үй иштерин чын дилиң менен кылсаң, үйдөгүлөрдүн жүгүн жеңилдетесиң.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

Көптү кылганга аракет кыл. Кичинекей эле бир нерсе кылып койбой, талап кылынгандан да көптү кылганга аракет кыл. Бирөө мажбурлагандыктан эмес, өзүң каалагандыктан көбүрөөк кылуу менен жашооңду өзүң көзөмөлдөгөн болосуң (Матай 5:41).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Аргасыздан эмес, өз ыктыярың менен жакшылык кылышыңды кааладым» (Филемон 14).

Тең салмактуу бол. Эмгекчил адамдар жалкоо болбойт, ошол эле учурда жалаң гана жумушту ойлоп калбайт. Алар оор эмгектен да, эс алуудан да кубаныч алып, тең салмактуу болгонго умтулушат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык» (Насаатчы 4:6).