Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызматташа билген жубайлар бир учакта бараткан учкуч менен анын жардамчысына окшош

ЖУБАЙЛАРГА

2 Кызматташуу

2 Кызматташуу

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Эгер жубайлар бири-бири менен кызматташса, бир учакта бараткан учкуч менен анын жардамчысындай болушат. Атүгүл көйгөйлөр пайда болгондо да алар «мен» деп эмес, «биз» деп ой жүгүртүшөт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Эми алар — эки эмес, бир дене» (Матай 19:6).

«Нике түгөйлөрдүн ар бири өзүнчө иш-аракет кыла турган түзүлүш эмес. Бактылуу болуш үчүн күйөөсү менен аялы эриш-аркак иш кылышы керек» (Кристофер).

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Пикир келишпестик болгондо, кызматташканды билбеген жубайлар көйгөйгө эмес, бири-бирине чабуул коёт. Ошентип, томуктай кыйынчылык тоодой тоскоолдукка айланат.

«Кызматташуу никеде абдан маанилүү. Эгер жолдошум экөөбүз бир тарапта болбосок, анда түгөйлөр эмес, бир бөлмөдө чогуу жашаган, бирок маанилүү чечимдерди чыгарыш керек болгондо таптакыр эки башка иш кылган эки кишидей болуп калмакпыз» (Александра).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

ӨЗҮҢӨРДҮ ТЕКШЕРИП КӨРГҮЛӨ

  • Өзүм тапкан акчанын баары «меники» дебеймби?

  • Толук кандуу эс алыш үчүн түгөйүмдөн өзүнчө болушум керек деп ойлобоймбу?

  • Өмүрлүк жарым туугандарына жакын болсо да, мен алардан алыс болгум келбейби??

ЖАРЫҢАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП КӨРГҮЛӨ

  • Экөөбүз кайсы жактан(тардан) жакшы кызматташабыз?

  • Дагы кайсы жактан(тардан) жакшырышыбыз керек??

  • Бири-бирибиз менен кызматташууга көбүрөөк дилгир болуш үчүн эмне кылсак болот?

КЕҢЕШ

  • Экөөңөр эки жакта туруп теннис ойноп жатканыңарды элестетсеңер. Жубайыңар менен бир тарапта болуш үчүн эмне кылсаңар болот?

  • «Кантип жеңсем?» дебей, «Канткенде экөөбүз тең жеңе алабыз?» деп ой жүгүрткүлө.

«Кимибиздики туура, кимибиздики туура эмес дегенди таптакыр унуткула. Үй-бүлөдөгү тынчтык менен биримдик андан алда канча маанилүү» (Итан).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:3, 4).