Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Компас сыяктуу эле, баалуулуктар балаңарга туура жолду көрсөтөт

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ

7 Баалуулуктар

7 Баалуулуктар

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

«Баалуулуктар» деген өзүңөр жашоодо карманам деп тандаган нормаларды билдирет. Мисалы, силер бардык жагынан чынчыл болууга умтуласыңарбы? Ошондой болсо, балаңарды да ошого үйрөткүңөр келери шексиз.

Баалуулуктарга этикалык принциптер да кирет. Андай принциптерге ылайык жашаган адам эмгекчил, адилеттүү болот, башкалардын сезимдерин эске алат. Мындай сапаттарды бала кичинекей кезинен эле өстүргөнү жакшы.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (Накыл сөздөр 22:6).

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Техника өнүккөн азыркы заманда адеп-ахлактык баалуулуктар абдан керек. «Терс таасир эткен нерселерди каалаган электрондук каражаттан каалаган учурда көрүү мүмкүн болуп калды,— дейт Карен деген эне.— Балдарыбыз жаныбызга отуруп алып эле ыпылас нерселерди көрө бериши мүмкүн».

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жетилген адамдар... акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырган» (Еврейлер 5:14).

Этикалык баалуулуктар да абдан зарыл. Андай баалуулуктарга сылыктыкка жаткан жөнөкөй эле нерселер (мисалы, «суранам», «рахмат» деп айтуу) жана башкаларга кам көрүү кирет. Мындай баалуу сапаттар жоголуп баратат, себеби көптөр адамдарга эмес, электрондук каражаттарга көбүрөөк көңүл буруп калышты.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (Лука 6:31).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Өзүңөр карманган адеп-ахлак нормаларын үйрөткүлө. Бир изилдөөгө ылайык, өспүрүмдөргө никеге чейинки жыныстык мамиленин туура эмес экенин айкын-так түшүндүрсө, алардын андай ишке барбай турганына көбүрөөк кепилдик бар.

КЕҢЕШ. Балаңар менен баалуулуктар жөнүндө сүйлөшүш үчүн учурдагы кайсы бир окуяны сөз кылгыла. Алсак, жаңылыктардан үрөй учурган кылмыш жөнүндө айтылса, мындай десеңер болот: «Айрымдардын башкаларга ушундай мамиле кылганы кандай жаман. Алар эмне үчүн ушинтет деп ойлойсуң?»

«Балдар эмне туура, эмне туура эмес экенин билбесе, аларга туураны туура эместен айырмалоо өтө кыйынга турат» (Брэндон).

Этикалык баалуулуктарды үйрөткүлө. Атүгүл кичинекей балдар да «суранам», «рахмат» деп айтканды, башкаларды сыйлаганды үйрөнө алышат. Бир китепте мындай делет: «Балдар өздөрүнүн бир чоң жамааттын: үй-бүлөнүн, мектептин, коомчулуктун мүчөсү экенин канчалык тереңирээк түшүнсө, өздөрүнө эле эмес, баарына пайда алып келе турган жакшы иштерди кылууга ошончолук дилгир болушат» («Parenting Without Borders»).

КЕҢЕШ. Башкаларга кызмат кылуу маанилүү экенин үйрөтүү үчүн балдарыңарга үй жумуштарын бергиле.

«Балдарыбыз азыртадан үй иштерин кылганга көнсө, кийин өздөрүнчө жашаганда кыйналбайт. Жоопкерчиликтерин аткаруу алар үчүн көнүмүш болуп калат» (Тара).