Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай муктаж болгондорго кам көрөбү?

Кудай муктаж болгондорго кам көрөбү?

Кудай муктаж болгондорго кам көрөбү?

«Акчаны сүйүүдөн алыс болгула. Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан» (Еврейлер 13:5).

КУДАЙ КАМ КӨРӨРҮН КАНТИП КӨРСӨТӨТ?

Жахаба Кудай оор жагдайга туш болгон кызматчыларына ар кандай жолдор менен кам көрөт. Мисалы, жыйналыштагы бир туугандар аркылуу жардам берип, мээримин төгөт *. Ыйык Китепте: «Кудайыбыздын, Атабыздын, көз алдындагы арам деп эсептелбеген таза сыйынуу — бул кыйынчылыкка кабылган жетим-жесирлерге кам көрүү»,— деп жазылган (Жакып 1:27).

Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары да бири-бирине жардам берип, жөлөк-таяк болуп келишкен. Мисалы, бир пайгамбар Жүйүт жеринде катуу ачарчылык болорун айтканда, Иса пайгамбардын Сириянын Антиохия шаарындагы жолдоочулары «Жүйүт жериндеги бир туугандарга жардам берүүнү чечип,.. чогулткандарын... берип жиберишкен» (Элчилер 11:28—30). Ошентип, ошол учурдагы муктаж болуп турган бир туугандар зарыл нерселер менен камсыз болгон. Иса пайгамбардын 1-кылымдагы жолдоочулары бири-бирин сүйөөрүн иши менен далилдешкен (1 Жакан 3:18).

 Муктаж болгондор өздөрү эмне кылса болот?

«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм» (Ышая 48:17, 18).

КУДАЙДЫН КЕҢЕШТЕРИ КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Миллиондогондор Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылуу акылдуулукка жатарына күбө болууда. Сулайман пайгамбар: «Акылмандыкты Жахаба берет, анын оозунан билим менен кыраакылык чыгат. Ал чынчыл адамдар үчүн акылмандыкты сактайт»,— деген (Накыл сөздөр 2:6, 7). Ыйык Китепте жазылган кеңештерди колдонгондор акылдуулук менен иш кылып, пайдасын көрүшөт.

Алсак, алар тамекинин, баңгизаттын, арактын кулу болушпайт (2 Корунттуктар 7:1). Ошондой эле чынчыл, жоопкерчиликтүү болуп, жумушун жакшы аткаргандыктан жумуш берүүчүлөрдүн ишенимине татып, жакшы жумуштарда иштей алышат. Эфестиктер китебинин 4-бөлүмүнүн 28-аятында: «Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын. Андан көрө, муктаж болгонго бир нерсе бере алгыдай болушу үчүн,.. талыкпай эмгектенсин»,— делет.

Ыйык Китептеги кеңештер пайдалуубу?

«Жахаба Кудайыңдын... осуяттарын... аткарып, ага баш ий. Ошондо... дайыма акылдуулук менен иш кыласың» (1 Падышалар 2:3).

КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР БАР?

Ганада жашаган Уилсондун жумушунун иштөө мөөнөтү аяктап калган. Жумушунун акыркы күнү ал башкы жетекчисинин машинесин жууп жатып акча таап алган. Анын жумушуна көзөмөл кылган дагы бир жетекчи акчаны өзүнө алып калышын айткан. Уилсон Жахабанын Күбөсү болгондуктан андай кылуудан баш тартып, акчаны ээсине кайтарып берген. Ошондон кийин ал ошол ишке биротоло орношуп, кийинчерээк жумуштан көтөрүлгөн.

Францияда жашаган Жералдинди жумуш берүүчүсү Жахабанын Күбөсү болгону үчүн эле жумуштан чыгарып салган. Бирок ал аялдын апасы ага: «Аны жумуштан кетирип туура эмес кылдың. Эгер жумушка чынчыл, жумушту жакшы аткарган кишини алгың келсе, Жахабанын Күбөлөрүнөн жакшыны таппайсың»,— деп айткан. Ал аял Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө бир аз маалымат алгандан кийин Жералдинди кайра жумушка алган.

Балдарын жалгыз чоңойтуп жаткан Саара Түштүк Африкада жашайт. Ал ишенимдештеринин аларга кам көрүп, жардам бергенине абдан ыраазы. Кыйналып турганда, ишенимдештери ага тамак-аш жагынан кайрылышып, бир жакка барыш керек болгондо машинеси менен жеткирип турушчу. Анын бой жетип калган үч кызы: «Жыйналышта бизге кам көргөн аталарыбыз, апаларыбыз аябай көп»,— деп айтышкан.

Ушу сыяктуу окуяларды эсептеп отурса, сан жетпейт. Мындай окуялар Сулайман пайгамбар жазган: «Ал эми мени [Жахабаны] уккандар жамандыктан коркпой, коопсуз жашашат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин тастыктап турат (Накыл сөздөр 1:33).

^ абз. 5 Айрым өлкөлөрдө өкмөт муктаж болгондорго жардам берип турат. Мындай чара көрүлбөгөн өлкөлөрдө муктаж болгондорго биринчи кезекте жакын туугандары жардам берүүгө милдеттүү (1 Тиметей 5:3, 4, 16).