Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кылымдар бою катылып келген кенч

Кылымдар бою катылып келген кенч

Окумуштуу көргөн көзүнө ишене албай, байыркы кол жазманын бир бөлүгүн кайра-кайра изилдеп жатат. Каллиграфиясы (сулуу жана даана жазуу өнөрү) менен грамматикасынан улам окумуштуу анын байыркы убакта которулган грузин тилиндеги Ыйык Китептин үзүндүсү экенин түшүнөт.

АЛ КЕНЧ 1922-жылдын декабрь айынын аяк чендеринде, грузин академиги Иване Жавахишвили грузин алфавитинин кантип түзүлгөнүн изилдеп жатканда, табылган. Жавахишвили Иерусалим Талмудун карап жатып еврей текстинин алдынан жарым жартылай өчүп калган грузин тамгаларын байкаган *.

Талмуддагы тексттин алдында «катылган» текст Жеремия пайгамбардын китебиндеги үзүндү болгон. Ал кол жазма б.з. 5-кылымына таандык. Ал кенч табылганга чейин грузин тилиндеги эң байыркы кол жазма деп б.з. 9-кылымына таандык кол жазма эсептелген. Кийинчерээк грузин тилиндеги Ыйык Китептин башка да бөлүктөрү табылган. Алар б.з. 5-кылымына, атүгүл андан мурунку кылымдарга таандык болгон. Белгилей кетчү нерсе, табылган кол жазмалар Иса пайгамбардын жана анын элчилеринин көзү өткөндөн кийинки эле кылымдарга таандык!

Аларды ким которгон? Бир эле кишиби же котормочулардын тобубу? Азырынча бул суроого жооп бере турган тарыхый документтер жок. Кандай болбосун, бул Ыйык Китептин же, жок эле дегенде, анын бөлүктөрүнүн 4-кылымда эле грузин тилине которулганын жана грузиндердин ошондо эле Кудайдын Сөзүн билишкенин же аны өз эне тилинде окуй алышканын көрсөтүп турат.

Грузин элинин Ыйык Жазманы канчалык жакшы билгенин «Ыйык Шушаник канышасынын азап чегип өлүшү» деген китептен билүүгө болот. Ал китеп, сыягы, 5-кылымдын аяк чендеринде жазылган. Канышанын азаптуу өлүмү тууралуу сөз кылганда китептин жазуучусу Забур китебинен, Инжилдерден жана Ыйык Китептин башка китептеринен цитата келтирген же ошол китептерге шилтеме кылган. Ошондой эле Шушаник канышасынын күйөөсүнүн — Картли падышалыгынын падышасы Варскендин — персия төрөлөрүнө жагыныш үчүн христиан дининен персиялыктардын зороастризм динине өткөнүн жана жубайынан да ошону талап кылганын жазган. Ал китепке ылайык, каныша башка динге өтүүдөн баш тарткан жана өлтүрүлгөнгө чейин Ыйык Жазманы окуй берген («The Martyrdom of St. Shushanik the Queen»).

5-кылымдан бери Ыйык Китепти грузин тилине которуп, анын көчүрмөсүн жасагандар дайыма  эле болуп келген көрүнөт. Муну Ыйык Китептин грузин тилиндеги тексттери жазылган кол жазмалардын көп болгону тастыктап турат. Келгиле анда, эки нерсени — Ыйык Китептин кантип которулганын жана басылып чыкканын — карап көрөлү.

ЫЙЫК КИТЕПТИН КОТОРМОСУНУН КӨБӨЙҮШҮ

«Мен, Георгий, момун кечил бүт дитимди коюп, бүт күчүмдү жумшап, Забур китебин грек тилинен грузин тилине котордум». Бул сөздөрдү 11-кылымда жашаган Георгий Мтацминдели деген кечил айткан. Ыйык Китептин грузин тилиндеги котормосу кылымдар мурун эле бар болсо, аны которуу эмне үчүн зарыл болгон?

11-кылымда Ыйык Китептин грузин тилиндеги бөлүктөрү аз эле кишиде бар болчу. Ошондой эле Ыйык Китептин айрым китептери жоголуп кеткен. Анын үстүнө, тил да өзгөргөндүктөн, окурмандарга байыркы учурда жазылган сөздөрдү түшүнүү кыйын болгон. Грузин тилиндеги Ыйык Китепти кайра карап чыгып, жаңыланткан котормочулар көп эле болгон. Бирок алардын ичинен Георгийдин Ыйык Китептин которулушуна кошкон салымы чоң болгон деп айтууга болот. Ал грузин тилиндеги котормолорду грек тилиндеги кол жазмалар менен салыштырып, калтырылып кеткен жерлерди которгон, атүгүл айрым китептерди толугу менен которуп чыккан. Монастырдын башчысы болгондуктан күндүз монастырдагы иштерин кылып, кечинде болсо Ыйык Китепти которуу менен алектенген.

Георгийдин замандашы болгон Ефрем Мцире да Ыйык Китепти грузин тилине которгон. Ал котормочуларга жардам боло турган көрсөтөмөлөрдү да түзгөн. Ал көрсөтмөлөргө которуунун принциптери, мисалы, мүмкүн болсо, текстти түп нускадан которуу жана түп нускадагы ойлорду так берүү, бирок ошол эле учурда табигый кылып которуу кирген. Андан тышкары, Ефрем Мцире Ыйык Китептин котормолоруна айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү жазылган шилтемелерди киргизүүнү жана байланышы бар аяттарды жазууну ойлоп чыгарган. Ал Ыйык Китепке кирген көптөгөн китептерден таптакыр айырмаланган жаңы котормо жараткан. Ошентип, Георгий менен Эфремдин котормолорунун аркасында котормо ишинин алга илгерилей беришине жол ачылган.

Ошондон кийинки кылымдарда Грузияда китеп чыгарууга басым жасалып, ал иш өркүндөй баштаган. Гелати жана Икалто шаарларында академиялар ачылган. Көптөгөн окумуштуулардын айтымында, Гелати же Икалтодогу окумуштуулардын бири Ыйык Китепти которгон. Ал котормо «Гелати Ыйык Китеби» деп аталат. Учурда Грузиянын улуттук кол жазмалар борборунда сакталган ал котормо Ыйык Китептин башка котормолорунан кыйла айырмаланат.

Ыйык Китептин котормолору грузин элине кандай таасир эткен? Грузиндердин 12-кылымда жашаган акыны Шота Руставели «Жолборс терисин жамынган баатыр» деген поэма жазган. Кылымдар бою элге күчтүү таасир этип келген ал поэма грузиялыктардын экинчи Ыйык Китеби  деп аталып калган. Грузин окумуштуусу К. Кекелидзе айткандай, Шота Руставели Ыйык Китептен түз цитата келтиргенби же жокпу, «анын айрым ойлору Ыйык Китепте жазылгандарды чагылдырып турат». Поэмада чындыкка коошпогон айрым нерселер бар болсо да, анда чыныгы достук, марттык, аялзатын кадырлоо, чоочун адамдарга болгон сүйүү жөнүндө көп жазылган. Ыйык Китепте да айтылган ушул нерселер муундан муунга өтүп, грузиндердин ой жүгүртүүсүн калыптап келген жана азыркы күнгө чейин адеп-ахлак нормасы катары саналып келет.

ЫЙЫК КИТЕПТИН БАСЫЛЫШЫНА ПАДЫШАЛАРДЫН КОШКОН САЛЫМЫ

Ыйык Китептин басылып чыгышына кызыкдар болгон Грузиядагы падышалар 17-кылымдын аягында аны чыгарууга умтулушкан. Мисалы, ушул максатты көздөп, Вахтанг VI Тбилисиге басмакана курдурган. Бирок ал учурда Ыйык Китептин тексти басып чыгарылууга даяр эмес болчу. Ошентип, Ыйык Китеп жарыкка чыкпай, дагы деле катылган кенчтей болуп кала берген. Ал кезде айрым кол жазмалар толук эмес эле, андан бери тил да өзгөргөндүктөн, аларды түшүнүү кыйын болчу. Ыйык Китептин текстин кайра карап чыгып, калыбына келтирүү иши Сулхан-Саба Орбелиани деген тилчиге тапшырылган.

Орбелиани бул ишти чын ыкластан аткарган. Бир нече тилди, анын ичинде грек, латын тилдерин билгендиктен ал ошол учурдагы грузин тилиндеги кол жазмалардан тышкары, башка тилдеги кол жазмаларды да изилдей алган. Бирок анын иш-аракети грузин православие чиркөөсүнө жаккан эмес. Диний жетекчилер ага саткын деп жалаа жабышкан жана падышага барып, Орбелианиге Ыйык Китепти которууга тыюу салышын айтышкан. Грузин тилиндеги бир билдирүүгө ылайык, чиркөө кеңеши Орбелианини күчкө салып, көп жыл эмгектенип которгон Ыйык Китепти өрттөттүрүшкөн.

Белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган Мцхета кол жазмасында Орбелианинин колго жазган түшүндүрмөлөрү камтылат. Ал кол жазма «Сабанын Ыйык Китеби» деп да белгилүү. Бирок айрымдар анын дин кызматчылар Сулхан-Саба Орбелианиге жаңыртууга тыюу салган Ыйык Китеп экенинен шек санашат. Тиркемелери гана Орбелияниники экенине ишенишет.

Тоскоолдуктар болгонуна карабай, падышанын үй-бүлөсүндөгү айрым кишилер Ыйык Китепти басып чыгарууга күч жумшай беришкен. 1705—1711-жылдар аралыгында Ыйык Китептин айрым бөлүктөрү басылып чыккан болчу. Ал эми 1743-жылы Бакар жана Вахушти деген грузин канзаадаларынын күч-аракетинин аркасында Ыйык Китеп толугу менен басылып чыккан. Ошентип, катылган кенчтей болгон Ыйык Китеп акыры жарыкка чыккан.

^ абз. 3 Байыркы убакта жазууда колдонулган материалдар оңой менен табылчу эмес, кымбат да турчу. Ошондуктан кол жазмадагы текстти өчүрүп, ордуна жаңысын жазышчу. Андай кол жазмалар палимпсест деп аталат. Грек тилиндеги ал сөз «кайра кырылган» дегенди билдирет.