Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ЭЧ КИМ БӨЛҮНБӨЙ ТУРГАН ЗАМАН КЕЛЕБИ?

Терең тамыр алган көйгөй

Терең тамыр алган көйгөй

КОРЕЙ улутундагы Жонатан Америкада төрөлгөн. Улутчул адамдардын жаман мамилеси көкөйүнө көк таштай тийген. Кийин ал эч ким жүзүмө, улутума карап мамиле кылбайт деген ойдо Түндүк Аляскадагы бир шаарга көчүп барып, доктур болуп иштей баштаган. Анын өңү-түсү бейтаптарынын көбүнүн өңү-түсүнөн айырмаланчу эмес. Ошол жерде жүргөндө Түндүк уюлдун ызгаардуу шамалынан да суук мамиледен — бейкалыс пикирдеги адамдардын жаман мамилесинен — кутулдум окшойт деп ойлогон.

Бирок ал жакта жашаган бир аялга медициналык жардам көрсөтүп жатканда, Жонатандын ой-тилеги, күбүлүп түшкөн айнек сымал, бир заматта жок болгон. Ал аял комадан чыкканда Жонатанды көрөрү менен, корей улутундагыларды жек көрөрүн билдирип, жүрөккө тие турган сөздөрдү айткан. Ошондо Жонатандын эски жарасы козголуп, буга чейин кылгандары майнапсыз болгонун түшүнгөн.

Башкаларга карата улутуна, өңү-түсүнө жана башка айырмачылыктарына карап терс ойдо болгон адамдарды дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун кездештирүүгө болот. Бул көйгөй адамдын буту баскан жердин  баарында терең тамыр алган. Жонатандын башынан өткөргөндөрү муну тастыктап турат.

Адамдардын көпчүлүгү башкаларга улутуна же дагы башка нерсесине карап жаман мамиле кылууну туура эмес деп эсептешет. Бирок, ошону эске алганда, бул көйгөйдүн күндөн күнгө күч алып, кулач жайышы акылга сыйгыс нерседей көрүнөт. Эмне үчүн адамдар туура эмес деп эсептеген нерсе кеңири тарап баратат? Көптөр муну туура эмес деп эсептегени менен, өздөрүнүн ошондой көз карашта экенин байкашпайт. Ал эми силер байкайсыңарбы?

КӨЙГӨЙ АР БИР АДАМДЫН ӨЗҮНДӨ

Бизден айырмаланып турганы үчүн эле башкаларга карата терс ойдо болуу жүрөгүбүздө уялаган-уялабаганын аныктоо кыйынга турат. Эмне үчүн? Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган»,— деп жазылган (Жеремия 17:9). Ошондуктан баарына эле бирдей мамиле кылам деп өзүбүздү алдашыбыз ыктымал. Же кайсы бир топтогу адамдарды жаман көрүшүмө орчундуу себеп бар деп өзүбүздү акташыбыз мүмкүн.

Ушу сыяктуу жагдайда силерге кандай ой келет эле?

Ошондой нерсе жүрөктө тамыр алган-албаганын аныктоого жардам берген мисалга көңүл бурсаңар: Караңгы түндө көчөдө жалгыз басып баратасыңар. Бир маалда силерди көздөй алибеттүү эки бейтааныш жигиттин келе жатканын көрөсүңөр. Бири колуна бир нерсе кармап алгандай.

Ошондо ал экөө силерге кол салганы жатат деп жыйынтык чыгарат белеңер? Балким, мурун силерге кимдир бирөө кол салган болсо, сак болуш керек деген ой келмектир. Бирок мурун кабылган окуядан улам эле ал экөөнө карата жаман ойдо болгонуңар туура болот беле? Аларды кайсы улуттагы же этностук топтогу адамдар деп ойлойт элеңер? Бул суроого кандай жооп бергениңерден ошол улуттагы же этностук топтогу адамдарга карата канчалык деңгээлде бейкалыс пикирде экениңерди баамдайсыңар.

Эгер калыстык менен ой жүгүртүп көрсөк, баарыбыздын эле кандайдыр бир деңгээлде ошондой көз карашта болорубузду байкайбыз. Адамдардын башкаларга өңү-түсүнө карап баа берери атүгүл Ыйык Китепте да жазылган (1 Шемуел 16:7). Адам баласынын ушундай болгонунун айынан баарыбыз жапа чегип келебиз. Көп учурда бул кесепеттүү болот. Бул көйгөйдү чечүү же түп-тамыры менен жок кылуу мүмкүнбү? Эч ким эч кимди улутуна же башка нерселерине карап жаман көрбөй турган заман келет деп үмүттөнсөк болобу?