Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Эмне үчүн жер жүзүндө тынчтык орнобой келет?

Адамдарды өзгөртө ала турган өкмөт гана тынчтык орнотот

Ыйык Китепте мунун эки себеби жазылат. Адам баласы көп ийгиликке жетип жатат. Бирок адамзат өз кадамын багыттай ала тургандай болуп жаралган эмес. Тынчтык болбой жатканынын биринчи себеби ушунда. Экинчи себеби бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» болгондуктан, адамдардын ойлогон ою ишке ашпай келет. Мына ушу эки себептен улам адам баласы тынчтыкты орното албай жатат. (Окугула: Жеремия 10:23; 1 Жакан 5:19.)

Адамдар өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн да тынчтык орнобой келет. Адам баласын бири-бирин сүйгөнгө жана бири-бирине кам көргөнгө үйрөткөн, дүйнө жүзүн башкарган өкмөт гана тынчтыкты орното алат. (Окугула: Ышая 32:17; 48:18, 22.)

Тынчтыкты ким орнотот?

Кудуреттүү Кудай бүт адамзатты башкара турган өкмөттүн орноорун убада кылган. Ал өкмөт адамдар түзгөн өкмөттөрдү жок кылат (Даниел 2:44). Жакында жер үстүнөн бийлик жүргүзө турган ал өкмөттүн Падышасы Иса Машаяк «Тынчтык төрөсү» катары бийлик кылат. Ал жамандыктын баарын жок кылат жана адамдарды тынчтыкта жашаганга үйрөтөт. (Окугула: Ышая 9:6, 7; 11:4, 9.)

Иса Машаяктын жетекчилиги алдында миллиондогон кишилер, адамдар азыртадан эле тынчтыкта жашаганга үйрөнүшү үчүн, аларга Ыйык Китептен билим алганга жардам берип жатышат. Жакында дүйнө жүзүнө тынчтык орнойт. (Окугула: Ышая 2:3, 4; 54:13.)