Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

Жахаба Кудай «бет карама эмес»

Жахаба Кудай «бет карама эмес»

Силерди кимдир бирөө басмырлап-басынткан учур болду беле? Өңү-түсүңөрдөн, улутуңардан, социалдык абалыңардан улам кимдир бирөө жаман мамиле кылып, өтүнүчүңөрдү орундатуудан же кайсы бир нерсени кылып берүүдөн баш тартты беле? Эгер ошондой болсо, мындай мамиледен жалгыз эле силер жапа чегип жатпаганыңарды унутпагыла. Башкаларды басмырлоо — бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан кейиштүү көрүнүш. Бирок Кудай адамдарга эч качан андай мамиле кылбайт. Иса пайгамбардын Петир деген шакирти ишенимдүү түрдө: «Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм»,— деп айткан. (Окугула: Элчилер 10:34, 35.)

Элчи Петир бул сөздөрдү башка улуттан болгон Корнелий деген кишинин үйүнө барганда айткан. Ал өзгөчө жагдай болгон. Анткени элчи Петир жүйүт элинен эле. Ошол убакта жүйүттөр башка улуттан болгондорду арам деп эсептегендиктен алар менен мамилелешчү эмес. Анда элчи Петир Корнелийдин үйүнө эмне үчүн барган? Ага ошол жакка барууну Жахаба Кудай өзү буйруган. Ал ага аян берип: «Кудай тазалаган нерсени мындан ары арам дебе»,— деп айткан. Ошондон бир күн мурун Корнелий да Кудайдан аян алган. Аянда Кудайдын периштеси ага Петир деген кишини чакыртышын айткан. Анын аян алганын элчи Петир билген эмес (Элчилер 10:1—15). Мунун баары Кудайдын жетекчилиги менен болуп жатканын түшүнгөндүктөн Петир Корнелийге жана анын үйүндөгүлөрүнө Жахаба Кудай жөнүндө айткан.

Ал: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм»,— деген (Элчилер 10:34). «Бет карама» деген сөз айкашы жөнүндө Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу: «Бул адамдын жүзүнө караган жана аны кылган кылмышына эмес, жактырган-жактырбаганына карап чечим чыгарган сотко карата айтылат»,— деген. Кудай адамдын улутуна, социалдык абалына же дагы башка нерселерине карап, бирин экинчисинен жогору койбойт.

Жахаба Кудай адамдардын жүрөгүнө карайт (1 Шемуел 16:7; Накыл сөздөр 21:2). Элчи Петир андан ары сөзүн улап: «Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деген (Элчилер 10:35). Кудайдан коркуу аны урматтап-сыйлоону, ага таянууну, ага жакпаган иштерди кылбоону билдирет. Ал эми туура иш кылуу Кудайдын алдында жакшы деп эсептелген иштерди жан дилден кылуу деген маанини туюнтат. Андан корккондуктан туура иш кылганга умтулган адамдарды көргөндө, Жахаба Кудайдын жүрөгү кубанат (Мыйзам 10:12, 13).

Жахаба Кудай адамдарды расага бөлбөйт, ал үчүн адамзат бир эле расадай

Башкаларды басмырлаган, басынткан адамдардан жапа чеккен болсоңор, элчи Петирдин Кудай жөнүндө айткандарын жүрөгүңөргө түйүп алганыңар маанилүү. Азыр Жахаба Кудай бардык улуттагы адамдарды Өзүнө жакындатып жатат (Жакан 6:44; Элчилер 17:26, 27). Кайсы расадан, улуттан жана бай, кедей болбосун, Кудай ага сыйынган адамдардын үнүн угат (1 Падышалар 8:41—43). Кудайдын адамдарды расага бөлбөй турганынан, ал үчүн адамзат бир эле расадай экенинен шектенбесек болот. Бул силерге бардык адамдарга бирдей караган Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билгенге түрткү бербейби?!

Июнда Ыйык Китепти окуу:

Жакан 17—21Элчилер 1—10