Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биз сени унутпайбыз

Биз сени унутпайбыз

Жүктөп алуу

  1. 1. Шамал согуп,

    Жаан төккөндө,

    Солкулдап жер бут алдыңан көчкөндө

    Кудай жаныңда.

    Кам көрөт сага.

    Колдоп сени

    Досторуң да,

    Шашылат жардамга.

    КАЙЫРМА

    Бир үй-бүлөбүз,

    Сага кам көрөбүз.

    Эч унутпайбыз,

    Сени таштабайбыз.

    Оор учурда

    Болуп жөлөк,

    Көрсөтөбүз көмөк.

    Бир үй-бүлөбүз,

    Сага кам көрөбүз.

  2. 2. Шамал токтоп,

    Күн чыкканда,

    Бөлөнгөндө сүйүүнүн кучагына

    Сезесиң күчүн

    Өчпөс сүйүүнүн.

    Түшүнөсүң

    Биримдиктин

    Жеткилең түйүнүн.

    КАЙЫРМА

    Бир үй-бүлөбүз,

    Сага кам көрөбүз.

    Эч унутпайбыз,

    Сени таштабайбыз.

    Оор учурда

    Болуп жөлөк,

    Көрсөтөбүз көмөк.

    Бир үй-бүлөбүз,

    Бүткүл дүйнөлүк уюмбуз.

    Бир үй-бүлөбүз,

    Сага кам көрөбүз.