Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иштериң суктантат

Иштериң суктантат

Жүктөп алуу

  1. 1. Билем өкмөтүңдүн кылган бардык иштерин.

    Чындыкка жарыгың чачып, Ыйык Сөзүң бердиң.

    Ишенимдүү кулуң эстүү, берет терең билим.

    Ал дайындаган койчулар төгүшөт мээримин.

    Дайым рухий жактан жыйындарда сергийбиз.

    Жыйын бүткөн соң бир үндөн: «Сонун болду»,— дейбиз.

    Жыйналыш сайын чулгайсың мени мээримиңе.

    Кабар айтканды үйрөттүң бүт бардык элдерге.

    КАЙЫРМА

    Иштериң суктантат.

    Бийлигиң өзүңдү даңктайт.

    Элиң аны баалайт.

    Сени таанып-билген сайын ишеним чыңдалат.

    Бардык кыялдарыбыз Бейиште ишке ашат.

  2. 2. Зор сыймык ыйгардың сен кызматташтарыңа.

    Кабарды жарлайбыз сүйгөндүктөн сени гана.

    Терең түшүнүк бердиң, тынчтыгыңа бөлөдүң.

    Эмне туура, таза болсо, ошону үйрөттүң.

    Ырлар сезимдеримди таамай чагылдырат.

    Үй-бүлөлүк сыйынуу ыйык рухка толтурат.

    Улутка бөлүнбөй, элиң биримдикте жашайт.

    Өзгөчө уюм экенин бул жакшы тастыктайт.

    КАЙЫРМА

    Иштериң суктантат.

    Бийлигиң өзүңдү даңктайт.

    Элиң аны баалайт.

    Сени таанып-билген сайын ишеним чыңдалат.

    Бардык кыялдарыбыз Бейиште ишке ашат.