Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мен багынбайм!

Мен багынбайм!

Жүктөп алуу

  1. 1. Ата, менин кезегим келди

    Уулуңдун сөзүн аткарууга эми.

    «Кугунтуктайт силерди жек көргөндөр мени»,—

    Деп айткан Иса. Таң калбаймын буга.

    Жалынам сага, күч бер, Жахаба.

    Өмүрүм арнайм бир өзүңө гана.

    Берилгендигим калбайт унутта,

    Ишенимден жазбайм, жабыркасам да.

    Мейли кордошсун, алсын шылдыңга.

    Ысымың үчүн чыдайм кордукка.

    Өкүнбөймүн эч азап тартканыма,

    Уялбаймын такыр, бул сыймык мага!

    КАЙЫРМА

    Мен багынбайм, артка кайтпайм.

    Мен багынбайм, кетенчиктеп качпайм.

    Тайманбайын, берчи кайрат,

    Жөлөк-таяк болчу мага.

    Мен багынбайм!

  2. 2. Ишеним арттың, таяндым сага.

    Сыналганымда, келдиң жардамга.

    Бир да өкүмдар, үй-бүлөм, достор да,

    Баалуу сыйлыктан албайт ажырата.

    КАЙЫРМА

    Мен багынбайм, артка кайтпайм.

    Мен багынбайм, кетенчиктеп качпайм.

    Тайманбайын, берчи кайрат,

    Жөлөк-таяк болчу мага.

    Мен багынбайм, артка кайтпайм.

    Мен багынбайм, кетенчиктеп качпайм.

    Тайманбайын, берчи кайрат,

    Жөлөк таяк болчу мага.

    Мен багынбайм!