Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Издеген табат

Издеген табат

Жүктөп алуу

  1. 1. «Издесеңер, табасыңар».

    Айтылган бул сөз эң таамай.

    Изденип, түйшөлүп, жүрдүк далайга.

    Жүрөк суусуну канбай.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Издеп берметти соодагерлердей,

    Бар экенин билдик, колубузду шилтебей.

    КАЙЫРМА

    Издеп, тапсак ачкычын

    Эңсеткен чындыктын.

    Мунун баары болот айкын:

    Жашоонун башаты, бүт жер жүзүн Падышалык башкарары.

    Изде, табасың.

  2. 2. Кудуреттүүнүн ыйык аты

    Жахаба экенин билгенде,

    Жүрөгүбүз толкуп-ташып,

    Болдук жеткендей кенчке.

    КАЙЫРМАНЫН АЛДЫ

    Издедик нечен билим булагын,

    Билсек деп таржымалын, келечегин адамдын.

    КАЙЫРМА

    Издеп, таптык ачкычын

    Эңсеткен чындыктын.

    Мунун баарын билдик айкын:

    Тарыхын адамдын, адамзаттын келечекте бейиште жашаарын.

    Изде, табасың.

    КӨПҮРӨ

    Жеткен соң баалуу кенчке, жүрөк түрткү берет

    Бардыгына айтканга.

    Жол көрсөтүп чындыкты табууга,

    Көмөк кылып аларга,

    Таратып билим баарына.

    КАЙЫРМА

    Издеп, тапса ачкычын

    Эңсеткен чындыктын.

    Мунун баарын билет айкын:

    Адамдын башатын, Кудайдын түбөлүк өмүр тартуулаарын.

    Изде, табасың.