Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ал мага ылайык келеби?

Ал мага ылайык келеби?

 Эгер кимдир бирөөнү жактырып, сыртынан байкап жүргөн болсоң, анын өзүңө ылайыктуу жар болор-болбосун кантип билсең болот?

 Андайда баарына үстүртөн карап койбой, кылдат байкаганың маанилүү. Анткени чырайлуу кыз болсо эле, ишенимдүү, көпчүлүккө таанымал жигит болсо эле, адеп-ахлактуу дегенди билдирбейт. Ошондуктан баарынан мурда анын ички дүйнөсү жана көздөгөн максаттары сеникине төп келеби, жокпу, аныктап билгениң жакшы (Башталыш 2:18; Матай 19:4—6).

Ички дүйнөсүнө көңүл бур

 Жактырган адамыңа баа берүүдө чынчыл бол. Антпесе махабат сезимине алдырып, ал адамдан өзүң көргүң келген нерсени гана көрө беришиң мүмкүн. Ошондуктан шашпа. Анын чынында кандай адам экенин билгенге аракет кыл.

 Сүйлөшүп жүргөн кыз-жигиттер көбүнчө терең ой жүгүртпөстөн, бири-биринин окшош жактарына гана, айталы, бирдей музыканы, бирдей иштерди жактырганына көңүл бурушат. Анан ошол сыяктуу нерселердин негизинде эле бардык нерсеге бирдей көз караштабыз деп ойлоп алышы мүмкүн. Бирок андай жеңил ойлуу көз караштан сак бол. Андан көрө, «жүрөктүн түпкүрүндө катылганды» көрө билгенге аракет кыл (1 Петир 3:4; Эфестиктер 3:16). Ан үчүн экөөңөрдүн көз карашыңар бирдей болгон учурларга эмес, төп келбей калган учурларга көбүрөөк көңүл бур. Ошондо ал адам жөнүндө көбүрөөк биле аласың.

 Мисалы, төмөнкүлөр жөнүндө ойлонуп көр:

  •   Ал пикир келишпестикти кантип чечет? Андай учурларда эмне кылат? Өзүнүкүн бербей көшөрүп туруп алабы, «ачууга алдырып» же «кемсинтерлик сөздөрдү» айтып уруша кетеби? (Галатиялыктар 5:19, 20; Колосалыктар 3:8). Же, Кудайдын эч кандай принциби бузулбай турган болсо, тынчтыкты сакташ үчүн, акыл-эстүүлүк кылып, башкалардын айтканына макул болобу? (Жакып 3:17).

  •   Ал башкаларды башкарганды жакшы көрбөйбү? Ичи тар, кызганчаак эмеспи? Сенин ар бир баскан-турганыңды көзөмөлдөй бербейби? Буга байланыштуу Никол деген бир кыз мындай дейт: «Менин билишимче, сүйлөшүп жүргөндөрдүн айрымдары бири экинчисинен, эмне иш кылса да, дайыма билдирип турушун талап кыла бергенинин айынан уруша кетишет. Менимче, мындай нерсеге көз жумбаш керек» (1 Корунттуктар 13:4).

  •   Башкалар аны кандай адам деп эсептешет? Муну билиш үчүн аны жакшы билгендер менен, мисалы, жыйналышындагы жетилген ишенимдештери менен сүйлөшүп көрсөң болот. Ошондо ал тууралуу башкалар кандай ойдо экенин билесиң (Элчилер 16:1, 2).