Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде салмагымды азайта алам?

Канткенде салмагымды азайта алам?

 Салмагымды азайтуу чындап эле зарылбы?

 Айрым жаштар арыктагысы келерин айтышат. Бирок...

  •   Көптөр ден соолугуна караганда, сырткы көрүнүшүнө көбүрөөк тынчсызданышат. Арыкташ үчүн айрымдар салмакты тез азайта турган ыкмаларды колдонушат. Мисалы, атайлап тамак жебей коюшат же арыктата турган дарыларды ичишет. Бирок андай ыкмалардын көп учурда эч кандай пайдасы болбойт, атүгүл ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн.

     «Айрым кыздар батыраак натыйжа алыш үчүн ачка жүрө беришет. Бирок мунун кесепети болбой койбойт. Жабыркаган ден соолукту калыбына келтирүүгө көп убакыт талап кылынат» (Хейли).

  •   Салмагына сарсанаа болгондордун көбүнө тынчсыздануунун зарылдыгы деле жок. Себеби алардын салмагы ашыкча деле эмес. Анда эмне үчүн алар ушундай ойдо болушат? Балким, алар өздөрүн курдаштарына же жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүлгөн кыржыйган «идеалдуу» моделдерге салыштыраттыр.

     «13 жаштарымда өзүмдү досторума салыштыра берчүмүн. Мен аларга окшош болсом, башкача айтканда, аябай арык болсом, аларга жагам деп ойлочумун» (Паола).

 Ошол эле учурда айрым жаштарга чындап эле арыктоо зарыл. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык...

  •   Дүйнө жүзү боюнча 5 жаштан 19 жашка чейинки 340 миллиондой балдар-кыздардын салмагы ашыкча.

  •   1975-жылдары 5 жаштан 19 жашка чейинки балдардын 4 эле пайызы ашыкча салмактуулук менен күрөшүп келген. Бирок 2016-жылга чейин ал көрсөткүч 18 пайызга чейин өсүп кеткен.

  •   Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө өтө арыктарга караганда, салмагы ашыкча адамдар көп.

  •   Айрым тургундары жетиштүү тамак жебей, чала тоют болуп жүрсө да, ашыкча салмактуулук көбүнчө кедей өлкөлөргө мүнөздүү.

 Салмакты азайтуунун эң жакшы жолу кайсы?

 Кайсы ыкмасын тандайт элең?

  1.   Атайлап тамак жебей коюу

  2.   Көнүгүү жасоо менен туура тамактанууну айкалыштыруу

  3.   Арыктата турган дарыларды ичүү

 Туура жооп. 2-ыкма: көнүгүү жасоо менен туура тамактанууну айкалыштыруу.

 Албетте, тамак жебей коюу же азык-түлүктүн кайсы бир түрүнөн такыр эле баш тартуу бат натыйжа бериши мүмкүн. Бирок бул ыкмалар ден соолугуңа залакасын тийгизиши же тамак жей баштаганда кайрадан салмак кошо башташың ыктымал.

 Бирок максатың ден соолугуңду жакшыртуу болсо, анда келбетиң да жакшырат, өзүңдү да жакшы сезе баштайсың. «Коопсуз, ден соолукка пайдалуу жана узакка созула турган натыйжага... өмүр бою кармана ала турган жашоо мүнөзүн калыптап, ошого кармануунун аркасында жетүүгө болот»,— деп жазган психология илиминин доктору Майкл Бредли a. Ал доктор эмнени айткысы келген? Эгер салмагыңды азайткың келсе, мүнөздөп тамактануу жетишсиз. Ан үчүн бүтүндөй жашоо мүнөзүңдү өзгөртүшүң керек.

 Эмне кылсам болот?

 Ыйык Китеп бизди «бардык нерсенин чегин билүүгө» чакырат. Бул өз ичине тамактануу адаттарын да камтыйт (1 Тиметей 3:11). Ыйык Китепте атүгүл ашыра тоюудан качышыбыз керектиги ачык эле айтылат (Накыл сөздөр 23:20; Лука 21:34). Ушул сөздөрдү эске алып, туура жашоо мүнөзүн калыпташ үчүн төмөнкү кадамдарды кылып көр:

  •   Туура тамактануу өз ичине эмнени камтый турганын изилдеп көр.

     Өзүңдү бардык тамактардан чектей берүүнүн зарылдыгы жок. Бирок азык-заттарга байланыштуу бир аз маалымат алганың туура, тең салмактуу тамактануунун жолдорун табууга бир топ жардам берет. Ал эми туура, тең салмактуу тамактануу — өз кезегинде салмакты өз калыбында кармап турганга көмөк кылган эң мыкты жолдордун бири.

  •   Көнүгүү жасап тур.

     Күн сайын кыймылдап туруш үчүн эмне кылсаң болору тууралуу ойлонуп көр. Мисалы лифтти колдонгондун ордуна, тепкич менен өйдө чык. Жарым саат видео оюндарын ойногондон көрө, таза аба жутуп, сейилдеп кел.

  •   Тез татым тамактарын пайдалуу тамактарга алмаштыр.

     «Дайыма жанымда жашылча-жемиштер бар, ошолор менен шам-шум этип турам. Ошон үчүн пайдасыз тамак-аштарды жегенге азгырылбайм»,— дейт өспүрүм курактагы София.

  •   Тамакты шашпай же.

     Айрымдар тамакты ушунчалык бат жегендиктен курсагы тойгонун билбей калышат. Андыктан шашпай же. Дагы бир табак салып келерден мурун тыным жаса. Ошондо анча деле ачка эмес экениңди сезишиң мүмкүн.

  •   Канча калория жеп жатканыңды көзөмөлдөп тур.

     Тамак-ашта канча калория бар экенин сыртындагы каптамасынан окуп тур. Эң көп калория таттуу суусундуктарда, тез татым тамактарында жана таттуу-паттууларда болот. Так ушулардан улам бат эле толуп кетүү мүмкүн.

  •   Тең салмактуу бол.

     16 жаштагы Саара мындай дейт: «Бир учурда калория санаганга баш-отум менен кирип кетип, тамакты караганда көзүмө сандар эле көрүнүп калган». Калориянын «эсеп-кысапчысы» болуп калба. Калориясы көп тамак-аштарды кээде-кээде жеп тургандын жаман жери жок.

 Кеңеш: Доктуруңа салмагыңа байланыштуу тынчсызданууларыңды айт. Ал ден соолугуңду, жагдай-шартыңды эске алып, сага ылайыктуу, пайдалуу боло турган жашоо мүнөзүнүн программасын түзүп бериши мүмкүн.

a Бул сөздөр «When Things Get Crazy With Your Teen» деген китептен алынды.