Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн балдарды эмне үчүн туурабаш керек? (2-бөлүк) Балдар үчүн

Маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн балдарды эмне үчүн туурабаш керек? (2-бөлүк) Балдар үчүн

 Маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн балдарды кантип сүрөттөйт элең?

 Бул сөздөрдү окуп чыгып, төмөндөгү суроолорго жооп бер.

1-тилке

2-тилке

Козголоңчул

Сылык

Өзүмчүл

Берилген

Орой

Боорукер

Жалкоо

Эмгекчил

Ойлонбой иш кылган

Жоопкерчиликтүү

Алдамчы

Чынчыл

  1.   Ушул жердеги кайсы сөздөр маалымат каражаттарынан, мисалы, кинолордон, телевизордон, жарнамалардан көргөн өспүрүм балдарды сүрөттөп турат?

  2.   Өзүңдүн кандай адам катары таанымал болгуң келерин кайсы сөздөр менен сүрөттөп берет элең?

 Балким, биринчи суроого 1-тилкеде жазылгандарга ылайык, ал эми экинчи суроого 2-тилкеде жазылгандарга ылайык жооп бергендирсиң. Эгер ошондой болсо, анда жакшы. Эмне үчүн? Анткени маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн балдардай болгуң келбейт, чынбы? Кел анда, анын айрым себептерин карап көрөлү.

  •   Маалымат каражаттарында балдар адатта зөөкүр жана козголоңчул болуп көрсөтүлөт. Бир китепте айтылгандай, телевизордогу, кинолордогу жана спорт жаатындагы эркектер көбүнчө «күчтүү, кызуу кандуу болуп көрсөтүлөт... Муну менен мыкты эркек орой жана көз карандысыз болушу керек деген ой таңууланат» («Why Boys Don’t Talk​—and Why It Matters notes»).

     Ойлонуп көр: Кызуу кандуу болсоң, жакшы дос, жакшы жумушчу же жакшы күйөө боло аласыңбы? Кимдир бирөө жиниңе тийгенде кайсынысына көбүрөөк күч керек: ачууга алдыруугабы же аны тыюугабы? Чыныгы эркек экениң ачууга алдырганыңан көрүнөбү же өзүңдү кармай билгениңенби?

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык, рухун башкара билген киши шаарды басып алгандан артык» (Накыл сөздөр 16:32).

    Өзүн кармай билген адам жоокерден да күчтүү

  •   Маалымат каражаттарында балдардын эси-дартынын баары эле жыныстык катнаш болуп калгандай көрсөтүлөт. «Кинодогу балдар кийимге караганда сүйлөшкөн кыздарын көп алмаштырышат»,— дейт 17 жаштагы Крис. Ал эми 18 жаштагы Гэри: «Адатта, кинодо балдардын оюнун баары эле жыныстык мамиле болгондой көрсөтүлөт»,— дейт. Кээ бир кинолор балдарга спирт ичимдиктери, көңүл ачуу жана кыздар эле керек деген ойго түртөт.

     Ойлонуп көр: Башкалардын сени ушундай адам катары билишин каалайт белең? Чыныгы эркек аял затын жыныстык катнаш үчүн эле жаралган деп эсептейби же аларды урматтап-сыйлайбы?

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Ар бириңер өз денеңерди ыйык сактап, сый тутуп, башкара билгиле,.. ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилбегиле» (1 Тесалоникалыктар 4:4, 5).

  •   Маалымат каражаттарында балдар жоопкерчиликсиз болуп көрсөтүлөт. Көптөгөн белгилүү кинолордо өспүрүм балдарды жалкоо, эч нерсе билбегендей кылып көрсөтүшөт. Кыязы, ушу себептен чоң кишилер алардан бир нерсе чыгарына көп ишене бербейт. Жогоруда сөз кылынган Гэри мындай дейт: «16 жашымда жумуш табуу аябай кыйын болгон, себеби биз жакта жумушка кыздарды эле алчу. Өспүрүм балдар болсо жоопкерчиликсиз же ишеничтүү эмес деп эсептелчү».

     Ойлонуп көр: Чын эле балдардын баары ошондойбу? Андай эмес экениңди кантип көрсөтсөң болот?

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун. Ишенимдүүлөргө сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң, сүйүүң, ишенимиң, адеп-ахлактуулугуң менен үлгү бол» (1 Тиметей 4:12).

 Эмнени билишиң керек?

  •   Маалымат каражаттары сага күчтүү таасир этиши мүмкүн. Мисалы, атактуу болуш үчүн, ал жакта көрсөтүлгөн балдардай болуп, акыркы модадан калбашың керек деген ой таңууланат. «Жарнамаларда саркеч кийинген балдар сулуу кыздардын көңүлүн тартары көрсөтүлөт,— дейт 17 жаштагы Колин.— Андай жарнаманы көргөндө ошондой кийим алгың келип кетет. Менин да жарнаманын таасирине алдырган учурларым болгон».

     Ойлонуп көр: Кийген кийимиң сенин чынында кандай адам экениңди көрсөтүп турабы же башкаларды туурап жатканыңдыбы? Моданын артынан кууп, саркеч кийимдерди сатып алсаң, чынында кимге пайда түшөт?

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле» (Римдиктер 12:2).

  •   Маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн балдарды туурагандар кыздарга көп деле жакпайт. Айрым кыздардын буга карата кандай ойдо экенин карап көрөлү:

    •  «Мага чыныгы жүзүн жашырбаган, кандай болсо, ошондой жүргөн балдар жагат. Адатта, өзүн ишенимсиз сезген балдар башкаларды таасирлентиш үчүн өзүн көрсөткүсү келе берет. Бирок, чынында, алар күлкүлүү эле көрүнүп калат» (Анна).

    •  «Жарнамачылар балдарга кыздардын көңүлүн тартыш үчүн белгилүү бир техниканы же кийимди сатып алышы керектигин таңуулашат. Бирок кыздар чоңойгон сайын башка нерселерге, мисалы, адамдын ички дүйнөсүнө, анын башкаларга кылган мамилесине көңүл бура башташат. Кыздарга чынчыл жана берилгендигин сактаган балдар жагат» (Даниэль).

    •  «„Сулуу балдар“ көп учурда кекирейе берет. Андай балдарга жологуң да келбейт. Дүйнөдөгү эң эле сулуу бала болуп, бирок ички дүйнөң сулуулугуңа төп келбесе, анда башкаларды тартпай эле, кайра иренжитесиң» (Диана).

     Ойлонуп көр: Ыйык Китепте өспүрүм Шемуелдин «Жахабага да, адамдарга да күндөн күнгө жага бергени» айтылат (1 Шемуел 2:26). Шемуелдей болуп, жакшы атка ээ болуш үчүн кайсы сапаттарды өрчүтүшүң керек?

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Эркектей... болгула» (1 Корунттуктар 16:13, шилт.).

 Эмне кылсаң болот?

  •   Маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн балдарды туураардан мурун ойлон. Ыйык Китепте: «Дүйнөдөгүнүн баары: дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселерине мактангандык Атабыздан эмес, бул дүйнөдөн»,— деп айтылган (1 Жакан 2:16).

     Кинолор, жарнамалар так ушул каалоолорду канааттандырууга үндөйт жана анын эч жаман жери жоктой кылып көрсөтөт. Ошондуктан алданып калуудан сак бол. Алар өз пайдасын көздөгөн соода-сатык тармагындагылардын акчаңды шыпырып алыш үчүн жайган тору экенин унутпа.

  •   Башкалардын сени калыпташына жол бербе. Ыйык Китепте айтылгандай, биз соода-сатык тармагындагылардын «бейнеси» боюнча эмес, Жаратканыбыздын «бейнеси боюнча, так билимдин негизинде жаңыланып турган жаңы табиятты кийишибиз» керек (Колосалыктар 3:10).

     Бул кеңешке ылайык иш кылыш үчүн адегенде кандай адам катары таанылгың келерине байланыштуу макаланын башында айтылган сапаттарды эстеп көр. Анан азыртадан эле ошол сапаттарды өрчүтүүгө же жакшыртууга аракет кыла башта.

  •   Сага жакшы таасир эте турган адамдарды туура. «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 13:20). Сен кимди акылдуу деп эсептейсиң? Балким, атаңды же байкеңдидир. Же болбосо, рухий жактан жетилген досуңду же тааныштарыңдын бирин ошондой деп эсептейттирсиң. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында үлгүлүү ага-инилер көп. Ыйык Китепте да жаштарга мыкты үлгү калтырган Тит сыяктуу эркектер жөнүндө жазылган (Тит 2:6—8).

     Кеңеш: «Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла» деген китепте жазылган, эркектерге мыкты үлгү калтырган Абыл, Нух, Ыбрам, Шемуел, Илияс, Жунус, Жусуп жана Петир жөнүндө окуп көр.