Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канчалык жоопкерчиликтүүмүн?

Канчалык жоопкерчиликтүүмүн?

 Өзүңө кандай баа берет элең?

  •  Мен дайыма ...; көп учурда ...; кээде ...; такыр андай эмесмин

    •  чынчылмын

    •  ишеничтүүмүн

    •  такмын

    •  эмгекчилмин

    •  жыйнактуумун

    •  элпекмин

    •  кичи пейилмин

    •  сылыкмын

    •  камкормун

  •   Ушул сапаттардын кайсынысы сенде көбүрөөк өрчүгөн?

     Ошол сапатыңды андан ары да өстүрө бер (Филипиликтер 3:16).

  •   Ушул сапаттардын кайсынысын көбүрөөк өрчүтүшүң керек?

 Төмөндөгү кеңештер ушул жактан жакшырганга жардам берет.

 Жоопкерчиликтүү болуу деген эмнени билдирет?

 Жоопкерчиликтүү адам үйдөгү болобу, же мектептеги болобу, же башка ушу сыяктуу милдеттери болобу, жакшы аткарат. Ошондой эле кылган иши үчүн жооптуу экенин жакшы түшүнөт. Эгер бир нерсени туура эмес кылып алса, катасын мойнуна алат жана аны оңдогонго аракет кылат.

 Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» (Галатиялыктар 6:5).

 Эмне үчүн жоопкерчиликтүү болушум керек?

  Эгер жаштар жоопкерчиликтүү болсо, өздөрүнүн шык-жөндөмдүүлүктөрүн туура жана акылдуулук менен колдонушат. Ошондуктан башкалардын кадыр-баркына ээ болушат жана аларга чоң кишиге мамиле кылгандай мамиле кылышат. Ошондой эле алар көбүрөөк эркиндикке жана артыкчылыктарга ээ болушат.

 Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Өз ишин мыкты билген кишини көрдүң беле? Ал... падышалардын алдында турат» (Накыл сөздөр 22:29).

  Жоопкерчиликтүү адам, адатта, берешен болот, ошондуктан жакшы достору көп болот.

 Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Бергиле, ошондо силерге да берилет» (Лука 6:38).

  Жоопкерчиликтүү адам кылган ишине ыраазы болгондуктан, өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ болот.

 Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат» (Галатиялыктар 6:4).

 Канткенде жоопкерчиликтүүрөөк боло алам?

 Бул суроого жооп алыш үчүн айрым жаштардын төмөндөгү сөздөрүнө көңүл буралы. Кимисинин жагдайы сеникине окшош?

 «Апам менен атамдын ар бир кадамымды текшерип, кичинекей балага мамиле кылгандай мамиле кылганы такыр жакпайт» (Кэри).

 «Досторум менен бир жакка барып келүүгө суранганымда, адатта, ата-энем эч нерсе дебей эле коё берет» (Ричард).

 «Курдаштарыма ата-энелери эмнелерди кылганга уруксат бергенин көргөндө: “Мага деле ата-энем ушинткенге уруксат берсе, сонун болмок!” — деп ойлойм» (Анна).

 «Негизи, ата-энем мени көп учурда өз эркиме коёт. Мен аларга мага ишеним артып, ушундай эркиндик берип жатканына аябай ыраазымын» (Марина).

 Кандай жыйынтык чыгарса болот? Айрым жаштарга ата-энелери көбүрөөк эркиндик беришет. Эмне үчүн деп ойлойсуң?

 Турмуштук тажрыйба: Сага канчалык эркиндик берилери көбүнчө ата-энеңдин сага канчалык ишенерине байланыштуу болот.

 Жогоруда айтылган жаштардын буга байланыштуу эмне деп айтканын карап көрөлү.

 Ричард: «Мурун ата-энем мага анча ишене бербегендиктен көп эркиндик беришчү эмес. Азыр болсо андай эмес. Анткени каякка жана ким менен барарымды алардан такыр жашырбайм. Мен аларга, сурабаса деле, пландарымды дайыма айтып турам»

 Марина: «Өмүрүмдө ата-энемди эки жолу алдагам, бирок баары бир билинип калган. Ошондон кийин ата-энеме дайыма чынын айта турган болгом. Мисалы, эмне кылып жүргөнүмдү майда-чүйдөсүнө чейин айтып турам. Бир жакка кетсем да чалып айтып коём. Азыр алар мага көбүрөөк ишенип калышты».

Эмнени биринчи орунга коёсуң, үйдөгү жумуштубу же көңүл ачуунубу?

 Сен да ата-энеңдин сага, Ричард менен Маринанын ата-энесиндей болуп, көбүрөөк ишенишин каалайсыңбы? Анда төмөнкүлөр жөнүндө ойлонуп көр.

ҮЙДӨГҮ МИЛДЕТТЕРИҢ

  •   Үйдөгү сага тапшырылган ишти дайыма бүтүрөсүңбү?

  •   Үйгө өз убагында келесиңби?

  •   Ата-энеңе, бир туугандарыңа урмат-сый менен мамиле кыласыңбы?

 Ушул суроолордун кайсынысы сага тиешелүү деп ойлойсуң?

 Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Ата-энеңердин тилин алгыла» (Эфестиктер 6:1).

САБАКТАРЫҢ

  •   Үй тапшырмаларыңды дайыма аткарасыңбы?

  •   Бааларыңды жакшыртканга аракет кыласыңбы?

  •   Бир нерсени кылдат окуп-изилдөө адатың барбы?

 Ушул суроолордун кайсынысы сага тиешелүү деп ойлойсуң?

 Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Акылмандык... коргойт» (Насаатчы 7:12). Акылдуу болгуң келсе, билим алууга дилгир болушуң керек.

АБРОЮҢ

  •   Ата-энеңе жана башкаларга дайыма чындыкты айтасыңбы?

  •   Акча кармаганды билесиңби?

  •   Башкалар сени ишеничтүү киши деп эсептейби?

 Ушул суроолордун кайсынысы сага тиешелүү деп ойлойсуң?

 Ыйык Китепте эмне деп жазылган? «Жаңы табиятты кийишиңер керек» (Эфестиктер 4:24). Демек, табиятыңды өзгөртүп, жакшыртуу жана жакшы абройго ээ болуу мүмкүн.

 Кеңеш: Кайсы жактан жакшырышың керектигин аныктап алып, ошол жагынан үлгүлүү кишилерден кеңеш сура. Анан кантип жакшырсаң болорун кагазга жазып алып, бир айдан кийин кандай ийгиликке жеткениңди текшер. Эмнелерди аткарып, эмнелерди аткара албай калганыңды жазып туруш үчүн күндөлүк ачып ал. Ал эми айдын аягында кандай жетишкендиктерге жеткениңди жазып кой.