Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Денеме сүрөт чектиришим керекпи?

Денеме сүрөт чектиришим керекпи?

 Айрымдарга эмне үчүн жагат?

 Раян деген жигит: «Денеге чегилген сүрөттөрдү искусствонун бир түрү деп эсептейм»,— дейт.

 Денеге сүрөт чектирүүгө түрткү берген нерсе ага карата көз карашыңа таасир этет. Жилиан деген бир кыз: «Мектепте чогуу окуган бир кыздын апасы каза болуп калды. Ал өспүрүм куракка келгенде апасынын атын желкесине чектирип жазып алды. Ушу сыяктуу жазуулар, сүрөттөр жагымдуу болот деп ойлойм»,— дейт.

 Эмне түрткү бербесин, денеге өмүр бою калып кала турган сүрөттөрдү чектирердин алдында жакшылап ойлон. Ошондой сүрөттөрдү чектирсемби деп жүрсөң, кайсы суроолордун үстүнөн ойлоп көргөнүң туура? Ыйык Китептеги кайсы принциптер туура чечим чыгарууга жардам берет?

 Кайсы суроолордун үстүнөн ойлонуп көргөнүң туура?

 Ден соолугуңа кандай таасир этет? Мейо клиникасынын веб-сайтында айтылгандай, «денеге сүрөт чегилгенде тери тешилет, анан ошол тешиктер аркылуу инфекциялар кириши же тери оорулары пайда болушу мүмкүн. Кээде тешилген жерлер сезгенип, шишиктер пайда болот. Андан сырткары, сүрөт чегилген жердеги ткандар адаттан тышкары бат өсүп, кетпей турган тырыктар калып калат». Ошол эле сайтта: «Кээде жакшы жуулбаган шаймандар колдонулгандын айынан кан аркылуу оору жугуп калышы мүмкүн»,— деп айтылат.

 Аброюңа кандай таасир этет? Кааласаң да, каалабасаң да, адамдар сырткы көрүнүшүңө карап баа беришет. Алар сени көргөндө «эс тартып калыптыр, ишенсе болот экен», же тескерисинче, «али бала экен, акыл-эси кире элек экен» деши мүмкүн. Саманта деген өспүрүм кыз: «Денесине сүрөт чектирип алган бирөөнү көргөндө ичимен отуруштан башы чыкпаган, ичкенди жакшы көргөн неме окшойт деп коём»,— дейт.

 Денеге чегилген сүрөттөрдүн дагы бир терс жагы жөнүндө 18деги Мелани мындай дейт: «Бул адамдын чыныгы сулуулугун көмүскөдө калтырып салат. Ошондой сүрөттөрдү чектирип алгандар өздөрүнүн чыныгы жүзүн жашыргысы келгендей сезилет».

 Кийин өкүнүп калбайсыңбы? Салмак кошулганда же жаш өтө баштаганда, тери чоюлуп, денеге чегилген сүрөттөрдүн көрүнүшү баштагыдай болбой калат. Жозеф деген жигит: «Ошондой сүрөттөр бир нече жылдан кийин бир кызыктай эле көрүнүп калат экен»,— дейт.

 Ал эми 21 жаштагы Ален: «Убакыт өткөндөн кийин денеге чегилген сүрөттөр саркеч болуп эсептелбей калат. Башында аны суктанып чектиреттирсиң, бирок бир нече жылдан кийин „эмнеге ошенттим“ дешиң мүмкүн»,— деп айтат.

 Алендин сөздөрүндө калет жок. Жылдар оошкон сайын адамдын көз карашы, жактырган нерселери, жүрүм-туруму өзгөрөт. Денеге чегилген сүрөттөр болсо ташка тамга баскандай кала берет. Тереза деген келин: «Денеге сүрөт чектиргенди кыска ойлогондун айынан жасап алып, кийин өкүнүп кала турган иштердин тизмесине киргизмекмин»,— дейт.

 Ыйык Китептеги принциптер

 Акылдуу киши чечим чыгарардын алдында баарын жакшылап таразалайт (Накыл сөздөр 21:5; Еврейлер 5:14). Анда эмесе, Ыйык Китептеги айрым принциптердин үстүнөн ойлонуп көр.

  •  Колосалыктар 3:20: «Балдар, бардык жагынан ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул Теңирге жагат».

      Ата-энеңдин тилин албай койгонуңдун кесепети кандай болот?

  •  1 Петир 3:3, 4: «Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер: өрүлгөн чач, алтын жасалгалар же кымбат кийимдер эмес, жүрөктүн түпкүрүндө катылган чирибес жасалга — Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелген токтоолук жана жумшактык — болсун».

      Эмне себептен Ыйык Китепте «жүрөктүн түпкүрүндө катылган чирибес жасалгага» чоң маани берилет деп ойлойсуң?

  •  1 Тиметей 2:9: «Аялдар өздөрүн... уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен [жасалгашасын]».

      «Уят-сыйыттуулук» деген сөздүн маанисин кандай түшүнөсүң? Денеге чегилген сүрөттөргө караганда уят-сыйыттуулук эмне үчүн көбүрөөк бааланат?

  •  Римдиктер 12:1: «Денеңерди тирүү, ыйык, Кудайга жагарлык курмандыкка бергиле... ыйык кызматыңарды акыл жөндөмүңөрдү колдонуп аткаргыла».

      Денеңе сүрөт чектиргенге Кудай кандай карайт?

 Ушул жерде айтылгандарды эске алып, айрымдар денесине сүрөт чектирбей эле коюуну чечишкен. Алар баалаган нерселерин көрсөтүүнүн башка жолун табышкан. Жогоруда сөздөрү келтирилген Тереза мындай дейт: «Эгер сага кайсы бир учкул сөз жакса, аны денеңе жазып алгандын ордуна, ага ылайык жаша, кимдир бирөөнү жакшы көрсөң, аны бааларыңды иштериң менен көрсөт. Кыскасы, эмнени бааларың, эмнеге ишенериң жашооңдон көрүнүп турсун».