Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Уйкуну кандырыш үчүн эмне кылсам болот?

Уйкуну кандырыш үчүн эмне кылсам болот?

 Математикадан начар окуп жатсаң, дагы көбүрөөк окушум керек деп ойлошуң мүмкүн. Же спорт жагынан жакшы болбой жатсаң, дагы көбүрөөк машыгышым керек деген ойдо болушуң ыктымал. Бирок бул эки учурда тең кеп чынында жетиштүү уктабаганыңда болушу мүмкүн. Анда эмне үчүн экенин карап көрөлү.

 Уйку эмне үчүн зарыл?

 Адистер өспүрүмдөрдүн көбүнүн 8—10 саат укташы зарыл экенин айтышат. Жетиштүү уктоо эмне үчүн абдан маанилүү?

  •   Уйку мээнин иштешин жакшыртат. Уйкуну «мээнин азыгы» деп аташат. Бул мектепте жакшы окуганга, спортто жакшырганга жана көйгөйлөрдү чече билүүгө жардам берет.

  •   Жакшы маанайда болуп, жайдары жүргөнгө шарт түзөт. Жетиштүү уктабагандардын маанайы бат-бат эле өйдө-төмөн боло берет, көңүлү чөгөт же депрессияга кабылат. Ошондой эле башкалар менен келише албай, көп кыйынчылыктарга туш болот.

  •   Жол кырсыгына кабылуудан сактайт. Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн изилдөөдөн 16—24 жаштагы айдоочулардын үргүлөп кетип жол кырсыгына кабылганы 40—59 жаштагы айдоочулардыкына караганда эки эсе жогору болгону аныкталган.

  •   Ден соолуктун чың болушуна өбөлгө түзөт. Уйку организмибиздин клеткаларды, ткандарды, кан тамырларды жакшы абалда кармап турушуна жана калыбына келтиришине көмөк кылат. Жетиштүү уктоо толуп кетүүдөн, кант диабетинен, мээге кан куюлуп кетүүдөн сактайт.

Телефон жакшы иштеши үчүн, заряддап туруш керек болгондой эле, иштериңди жакшы аткара алыш үчүн жетиштүү укташың керек

 Уйкуну кандырганга эмнелер тоскоолдук кылат?

 Уйкунун жогоруда саналып өткөн пайдалары бар болсо да, өспүрүмдөрдүн көбү жетиштүү укташпайт. Алсак, 16 жаштагы Илайн мындай дейт:

 «Мугалим баарыбыздан канчада жатарыбызды сураганда, көптөр түнкү экиде, башкалар таңкы беште жатарын айтышкан. Бир эле окуучу тогуз жарымда уктаарын айткан».

 Жетиштүү укташыңа эмне тоскоолдук кылат?

 Достор менен чогулуу. «Мен убактымды өткөрүп эрте жатпай жүрө берем, өзгөчө, досторум менен чогулганда түнгө чейин жүрүп калам» (Памэла).

 Өтө көп иштер. «Уктаганды жакшы көрөм, бирок көп иштерди кылыш керек болгондуктан жетиштүү уктабай калам» (Ана).

 Электрондук каражаттар. «Телефонумдун айынан уйкум канбай калат. Жаткандан кийин телефонумду карабай коё албайм» (Аниса).

 Уйкуну кандырыш үчүн эмне кылсаң болот?

  • Уйкуга карата болгон көз карашыңды текшер. Ыйык Китепте: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык»,— делет (Насаатчы 4:6). Уйку жөн эле рахат тартуулай турган эмес, эң зарыл болгон нерсе. Уйкуң канбаса, ишиңди жакшы аткара албайсың, атүгүл көңүл ачуу да кубаныч тартуулабай калат.

  •   Жетиштүү укташыңа баарынан да эмне тоскоолдук кылып жатканын аныкта. Мисалы, досторуң менен түнгө чейин жүрө бербейсиңби? Үй тапшырмаларың жана үйдө кылчу жумуштарың өтө көп эмеспи? Кеч жатышыңа же уктап калгандан кийин ойгонуп кетишиңе телефонуң себеп болбойбу?

 Ойлонуп көр. Уйкуң канбай калышына себеп болуп жаткан тоскоолдукту жеңиш үчүн күч-аракет талап кылынат, бирок натыйжасы ошого арзыйт. Накыл сөздөр 21:5те: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— деп жазылган.

 Бирөөнө жардам берген нерсе, башкасына жардам бербеши мүмкүн. Маселен, айрымдар күндүз бир аз чырым этип алса, түнкүсүн жакшы укташат. Ал эми башкалар күндүз уктаса, түнкүсүн уйкусу качып калат. Ошондуктан сага эмне жардам берерин аныктап ал. Төмөндөгү кеңештер да пайдалуу болушу мүмкүн:

  •   Көңүлүңдү жай алдыр. Жатканга чейин эле көңүлүңдү жай алдырсаң, батыраак уктап калышың мүмкүн.

     «Үй иштерин жана башка нерселерди эртерээк бүтүргөн жакшы. Ошентсең, жатып алгандан кийин аларды ойлоп тынчсызданбайсың» (Мария).

  •   Жагдайыңды көзөмөлгө ал. Жагдайыңдын сени көзөмөлдөшүнө жол бербей, жетиштүү укташың үчүн жагдайыңды өзүң көзөмөлгө ал.

     «Күндө жок дегенде сегиз саат укташым керек. Эгер эрте турушум керек болсо, жетиштүү укташ үчүн канчада жатышым керектигин эсептейм» (Винсент).

  •   Дайыма бир убакта жатканга аракет кыл. Организмиңдин биологиялык сааты жакшы иштеши үчүн, аны үйрөтүшүң керек. Адистердин айтымында, ан үчүн дайыма белгилүү бир саатта уктап, белгилүү бир саатта туруш керек. Бир ай ошенткенге аракет кылып көрсөң, өзүңдү жакшы сезип калганыңды байкайсың.

     «Дайыма бир убакта жатсаң, эртең менен мээң сергип калат. Мунун аркасында, кандай иш болбосун, жакшыраак аткарасың» (Жаред).

  •   Достор менен убакыт өткөрүүдө тең салмактуу бол. Ыйык Китепте «бардык нерсенин чегин билишибиз» керектиги айтылат (1 Тиметей 3:2, 11). Бул өз ичине бош убактыңда эмне кыларыңды да камтыйт.

     «Мен кечкисин досторум менен өткөргөн убактымды чектешим керектигин түшүндүм. Көңүл ачууга чек койбосом, бул сөзсүз бир нерселериме терс таасир тийгизет, айрыкча, уйкудан калам» (Ребекка).

  •   Телефонуңду да «эс алдыр». Жатарыңа жок дегенде бир саат калганда Интернетке киргенден же досторуңа бир нерсе жазгандан кач. Айрым адистер телефондон, телевизордон же планшеттен чыккан жарык жакшы уктаганга тоскоолдук кыларын айтышат.

     «Башкалар сенин күнүгө 24 саат бою ойгоо турушуңду каалайт. Жакшы эс алыш үчүн жатарда телефонуңду колдонбой эле койгонуң туура» (Жулиса).