Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жыныстык катнашка азгырышканда, кантип туруштук берсем болот?

Жыныстык катнашка азгырышканда, кантип туруштук берсем болот?

 «Мектепте окуп жүргөнүмдө кайсы бир классташым кимдир бирөө менен жатканын айтканда, ошентип көргөнүн баары айтып киришчү. Анткени эч ким өзүн башкалардан артта калып калгандай көрсөткүсү келбейт» (Элайн, 21 жаш).

 Башкалардан өзгөчөлөнбөш үчүн эле сен да жыныстык катнашта болгуң келди беле?

 Сүйлөшүп жүргөн жигитиң же кызың сени ошондой ишке азгырды беле?

 Эгер кимдир бирөө сени жыныстык мамиледе болууга азгырса же өзүңдө да ошондой каалоолор болсо, бул макаладагы кеңештер сага туура иш кылганга жардам берет.

 Жаңылыш ой жана чындык

 ЖАҢЫЛЫШ ОЙ: Менден башкасынын баары эле бирөө менен жатып көргөн.

 ЧЫНДЫК: 18 жаштагылар катышкан бир сурамжылоого ылайык, үч өспүрүмдүн экөө жыныстык катнашта болуп көргөн. Мындан көрүнүп тургандай, жаштардын 30 пайыздан көбү андай ишке барган эмес. Демек, «баары эле» бирөө менен жатып көргөн деп айтуу жаңылыштык.

 ЖАҢЫЛЫШ ОЙ: Жыныстык мамиледе болсок, бири-бирибизге жакын болуп калабыз.

 ЧЫНДЫК: Кээ бир балдар сүйлөшкөн кызына ушундай ойлорду айтып жыныстык катнашта болгонго көндүрүшөт. Бирок андай ишке барган кыз-жигиттин мамилеси чынында бекемделбейт. Көп учурда ошондон кийин балдар кыздарды таштап кетет. Жигитим мени сүйөт же мени жактырат деп ойлоп жүргөн кыздар болсо жүрөгү жараланып кала берет a.

 ЖАҢЫЛЫШ ОЙ: Кудайдын Сөзүндө жыныстык катнашта болууга тыюу салынат.

 ЧЫНДЫК: Кудайдын Сөзүндө мунун туура эмес экени айтылбайт. Болгону анда андай мамиле никеде турган аял менен эркектин ортосунда гана болушу керектиги жазылат (Башталыш 1:28; 1 Корунттуктар 7:3).

 ЖАҢЫЛЫШ ОЙ: Кудайдын айткандары боюнча жашасам, жашоом кызыксыз болуп калат.

 ЧЫНДЫК: Турмуш курганга чейин күтө турсаң, көп балээден алыс болосуң. Анткени никеге чейин ошондой ишке баргандар тынчсыздануу, өкүнүү, өзүн ишенимсиз сезүү сыяктуу кыйынчылыктарга туш болушат.

 Жыйынтык. Үй-бүлө курганга чейин жыныстык мамиледе болбогондор өзүнүн да, башканын да бактысына балта чаппайт. Ал эми болгондор сөзсүз анын кесепетин тартышат.

 Каршы туруш үчүн...

  •   Адеп-ахлактык принциптериң козголгус болсун. Ыйык Китепте жетилген адамдар «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырары» айтылат (Еврейлер 5:14). Алар өздөрү ишенген принциптерге бекем кармангандыктан башкалардын кысымына оңой туруштук берет.

     «Мен туура иш кылганга, аброюмду түшүрбөгөнгө бүт күчүмдү жумшайм. Бир эле туура эмес ишим баарын кыйратып коёрун түшүнгөндүктөн кооптуу жагдайлардан качам» (Алисиа, 16 жаш).

     Ойлонуп көр: Кандай атка конгуң келет? Кимдир бирөөгө жагыш үчүн эле жакшы аброюңдан кечип салганың туура болобу?

  •   Кесепетин ойло. Ыйык Китепте: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп жазылган (Галатиялыктар 6:7). Кимдир бирөө менен жыныстык мамиледе болсоң, өзүңдүн да, анын да жашоосун бузуп коюшуң мүмкүн экени жөнүндө ойлон b.

     «Никеге чейин жыныстык катнашта болгондор өздөрүн күнөөлөшөт, өкүнүшөт, атүгүл өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезишет. Андан тышкары, каалабаса да боюнда болуп калышы же жыныстык жол менен жукчу ооруларга чалдыгышы ыктымал» (Сиенна, 16 жаш).

     Ойлонуп көр: Бир китепте мындай суроо берилген: «Эгер досторуң сени ыпылас ишке түртүп жатса, алар менен дос болгонуң, алардын кеңешине кулак какканың акылдуулукка жатабы?» («Sex Smart»).

  •   Тең салмактуу бол. Жыныстык катнаш туура эмес ишке жатпайт. Ыйык Китепте анын никеде турган жубайларга ыракат тартуулаган мамиле экени айтылган (Накыл сөздөр 5:18, 19).

     «Жыныстык катнаш — Кудайдын адамдарга берген белеги. Ал биздин андан кубаныч алышыбызды каалайт. Бирок Кудай бекиткен тартипке ылайык, ал турмуш курган эркек менен аялдын ортосунда гана болушу керек» (Жереми, 17 жаш).

     Ойлонуп көр: Бир күнү сен да үй-бүлө куруп, ал белектен ыракат аласың. Жогоруда саналып өткөн кесепеттердин бирин да тартпайсың.

a Албетте, жыныстык мамиледе болууга дайыма эле балдар азгырбайт. Көп учурда буга балдарды кыздар түртөт.

b Мунун каалабаган кош бойлуулук сыяктуу кесепеттери бар. Ошондой эле жаш куракка жараша жашы жетелектер менен жыныстык мамиледе болгондорго кылмыш иши козголушу мүмкүн.