Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Эволюция теориясынын тууралыгын эмне үчүн текшерип көрүшүм керек? (2-бөлүк)

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Эволюция теориясынын тууралыгын эмне үчүн текшерип көрүшүм керек? (2-бөлүк)

Алекстин башы маң болууда. Ал буга чейин Кудайдын бар экенине жана баарын ал жаратканына ишенип келген. Бирок бүгүн биология сабагынан берген мугалими эволюция теориясынын төгүндөлгүс факт экенин окумуштуулар изилдеп чыкканын айтты. Алекс окумуштуулардын айткандарын четке кагып, акылсыздай көрүнгүсү келбейт. Ал: «Эволюция теориясын окумуштуулар далилдеп жатса, аларга кантип ишенбей коёсуң?» — деп ойлонот.

 Сен да ушундай жагдайга кабылдың беле? Балким, сен да Кудайдын «асман менен жерди жаратканына» ишенеттирсиң (Башталыш 1:1). Бирок айрымдар сени бардык нерсе эволюция жолу менен жаралган дегенге ишендиргиси келиши мүмкүн. Аларга ишенишиң керекпи? Эволюция теориясынын тууралыгын текшерип көргөнүң эмне үчүн маанилүү?

 Эволюция теориясын текшерип көрүүгө эки себеп

  1.   Окумуштуулардын эволюция теориясына карата ою ар башка. Окумуштуулар ондогон жылдар бою изилдөө жүргүзүп келатышса да, эволюция теориясына карата ар кимиси ар кандай ойдо болуп, аны ар кандайча түшүндүрүп келишет.

     Ойлонуп көр: Эгер эволюция боюнча адис деп эсептелген окумуштуулар бир пикирге келе албай жатышса, анда анын тууралыгын текшербей туруп ишенгениң акылдуулукка жатабы? (Забур 10:4).

  2.   Эмнеге ишенгениң жашооңо таасир этет. Закари деген бир бала мындай дейт: «Эгер тиричилик кокустуктан пайда болгон болсо, анда жашообуздун да, ааламдагы нерселердин да эч кандай мааниси, эч кандай максаты жок болмок». Чынында эле, эгер баары эволюция жолу менен пайда болгон болсо, анда жашоо маңызсыз болмок (1 Корунттуктар 15:32). Ал эми бардыгын Кудай жаратканы чын болсо, жашоонун маңызына жана келечегибизге байланыштуу суроолорубузга канааттандырарлык жооп ала алабыз (Жеремия 29:11).

     Ойлонуп көр: Эволюция жана бардыгын Кудай жаратканы жөнүндө чындыкты билүү жашооңо кандай таасир этет? (Еврейлер 11:1).

 Талдап көрүүнү талап кылган суроолор

 КӨПТӨРДҮН ОЮ: «Аалам жана андагы нерселер чоң жарылуунун натыйжасында пайда болгон».

  •   Чоң жарылуунун болушуна ким же эмне себеп болгон?

  •   Баары жок нерседен пайда болгон деп айтуу акылга сыярлыкпы же баары бир нерсенин же кимдир бирөөнүн аркасында пайда болгон деп айтуу акылга сыярлыкпы?

 КӨПТӨРДҮН ОЮ: «Адамдар жаныбарлардан келип чыккан».

  •   Эгер адамдар жаныбарлардан, мисалы, маймылдардан келип чыкса, анда адамдар менен маймылдардын акыл-эс жөндөмүнүн айырмасы эмне үчүн асман менен жердей? a

  •   Эмне үчүн жашоонун эң жөнөкөй формасы да укмуштуудай татаал келет? b

 КӨПТӨРДҮН ОЮ: «Эволюция — далилденген факт».

  •   Эволюцияны факт деп ырастаган адам ошону өзү изилдеп көргөндүктөн ошондой жыйынтыкка келгенби?

  •   Көптөр башкалардын илимдүү-билимдүүлөрдүн баары эволюцияга ишенет дегени үчүн эле эволюция теориясына ишенип жүргөн жокпу?

a Айрымдар адамдардын мээсинин көлөмү маймылдардыкынан чоңураак болгондуктан адамдар акылдуураак келет дешет. Бирок ал ырастоо туура эмес. Ал тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» деген китепченин 28-бетин карагыла.

b «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» деген китепченин 8—12-беттерин карагыла.