Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Досторум капа кылса, эмне кылсам болот?

Досторум капа кылса, эмне кылсам болот?

 Эмнелерди билишиң керек?

  •   Келишпестик болбой койбойт. Жеткилең эмес болгондуктан жакын досуң, атүгүл жан досуң да жүрөгүңдү ооруткан сөздөрдү айтып алышы же иштерди кылып алышы мүмкүн. Өзүңдүн да жеткилең эмес экениңди унутпа. Балким, сен да кимдир бирөөнү капалантып алган учурларыңды эстейттирсиң (Жакып 3:2).

  •   Таарынычтын пайда болушуна Интернет да себепкер болушу мүмкүн. Мисалы, Дейвид аттуу өспүрүм мындай дейт: «Интернеттен досторуңдун чогулуп отурганда түшкөн сүрөтүн көрүп калганда: „Эмнеге мени чакырган жок“,— деп ойлой башташың мүмкүн. Анан сени сатып кеткендей сезимде болуп, аябай жаман болосуң».

  •   Көйгөйдү чечкенди үйрөнө аласың

 Эмне кылсаң болот?

 Өзүңдү текшер: Сулайман пайгамбар: «Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт»,— деп жазган (Насаатчы 7:9).

 «Кээде убакыт өткөндөн кийин болбогон эле нерсеге таарынганыңды түшүнөсүң» (Алиса).

 Ойлонуп көр: Мен өтө эле көңүлгө ала бербеймби? Көтөрүмдүү болуп, башкалардын ката-кемчиликтерине көз жумуп коё аламбы? (Насаатчы 7:21, 22).

 Кечиримдүү болуунун пайдалуу жактары тууралуу ой жүгүрт. Сулайман пайгамбар: «Анын көркү айыпка маани бербегенинде»,— деген (Накыл сөздөр 19:11).

 «Сенде таарынууга себеп болсо да, айкөлдүк менен кечирип койгонуң жакшы. Бул таарынткан кишини кайра-кайра кечирим суратып, кетирген катасын улам эсине сала бербеш керектигин билдирет. Кечиргенден кийин, аны кайра айта бербеш керек» (Маллори).

 Ойлонуп көр: Ал ушунчалык эле жаман нерсе кылдыбы? Тынчтыкты сакташ үчүн кечирип коё аласыңбы? (Колосалыктар 3:13).

Достордун ортосундагы келишпестиктин ар бирин эле айта берүү жылуу үйдүн эшигин улам-улам ачып, суукту киргизе бергенге окшош

 Башкаларды да ойло. Ыйык Китепте: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деп жазылган (Филипиликтер 2:4).

 «Ортоңордо сүйүү, сый-урмат болсо, көйгөй болор замат аны чечкенге аракет кылганың абзел. Анткени достугуңар бекем болушуна сен да салым кошконсуң. Досуң менен ынак болгонго көп күч жумшап келсең, андан айрылып калгың келбейт» (Николь).

 Ойлонуп көр: Башкалардын көз карашынын жакшы жактарын көрүүгө аракет кыламбы? (Филипиликтер 2:3).

 Жыйынтык. Таарынычка алдырбаганды үйрөнүп алсаң, бойго жеткенде чоң жардамы тиет. Андыктан буга азыртадан үйрөнө бергениң жакшы.