Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сексуалдык асылуу жөнүндө эмнени билишим керек? Коргонуу (1-бөлүк)

Сексуалдык асылуу жөнүндө эмнени билишим керек? Коргонуу (1-бөлүк)

 Сексуалдык асылуу деген эмне?

 «Сексуалдык асылуу» деген сөз айкашынын юридикалык аныктамасы ар кайсы жерде ар кандай болушу мүмкүн. Бирок анын жалпы мааниси адамды күч колдонуу менен кордогон, мазактаган сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди билдирет. Бул кичинекей же өспүрүм баланын «ишеничтүү» деп эсептелген адам, мисалы, доктур, мугалим же диний кызматкер тарабынан кордолушун, зордукталышын жана сексуалдык эзүүгө дуушар болушун камтыйт. Буга анын жакындары тарабынан жыныстык мамиледе болууга мажбурланышы да кирет. Бирөөнү оозеки же күч колдонуп кордогондордун айрымдары жабыр тарткан адамды болгон нерсени оозунан чыгарбашы керектигин айтып коркутуп-үркүтүшөт.

 Бир сурамжылоого ылайык, Кошмо Штаттарда эле жыл сайын 250 000ге жакын адам сексуалдык асылууга дуушар болот. Алардын дээрлик жарымын 12—18 жаштагы өспүрүмдөр түзөт.

 Эмнелерди билишиң керек?

  • Ыйык Китептен сексуалдык асылуу Кудайдын көз алдында жаман иш экенин билүүгө болот. Ыйык Китепте 4 000 жылдай мурун адеп-ахлактыкка белчесинен баткан кишилердин Содом шаарына келген эки кишини зордуктоону көздөгөнү айтылат. Бул окуя Жахабанын ал шаарды талкалоону эмне үчүн туура көргөнүн айгинелеп турат (Башталыш 19:4—13). Ошондой эле 3500 жылдай мурун Муса пайгамбарга берилген Мыйзамда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бири менен жыныстык катнашта болушуна, анын ичинде сексуалдык асылууга жол берилбеши керектиги айтылган (Лебилер 18:6).

  •   Көптөр сексуалдык асылууга тааныштары тарабынан кабылат. «Балдарыңар менен жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшкүлө» деген китепте: «Зордукталган үч адамдын экөө өздөрү тааныган адам тарабынан зордукталган. Аларга караңгыда бурчтан чыга калган бейтааныш киши эмес, өздөрү эле билген бирөө кол салган»,— деп жазылган («Talking Sex With Your Kids»).

  •   Сексуалдык асылууга эркектер да, аялдар да кабылат. Кошмо Штаттарда сексуалдык асылууга кабылган эркектер 10 пайызды түзөт. Сексуалдык асылууга каршы күрөшкөн бир уюмдун билдирүүсүнө ылайык, ошондой жагдайга кабылган эркектер «гомосексуалист болуп кетем» же «эркек болбой калам деп коркушат» («Rape, Abuse & Incest National Network (RAINN)»).

  •   Сексуалдык асылуунун кеңири тарап жатканы таң калыштуу эмес. «Акыркы күндөрдө» «жакындарын сүйбөгөн», «өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз» адамдардын көбөйөрү Ыйык Китепте алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:1—3). Башкаларга жыныстык кумарын кандыруу үчүн асылгандар так ушундай сапаттарды чагылдырышат.

  •   Сексуалдык асылууга дуушар болгонуна адам өзү күнөөлүү эмес. Кумарын кандыруу үчүн бирөөгө асылууга эч кимдин укугу жок. Андыктан буга ошондой жаман ишке барган адам гана күнөөлүү болот. Бирок сен сексуалдык асылууга кабылуу ыктымалдыгын азайта аласың.

 Эмне кылсаң болот?

  •   Алдын ала даярдан. Кимдир бирөө, атүгүл сүйлөшкөн жигитиң же тууганың сени аны менен жыныстык мамиледе болууга мажбурлаганга аракет кылса, эмне кыларыңды ойлонуштуруп ал. Эрин деген жаш кыз теңтуштардын ар кандай кысымына туруштук берүү үчүн кандай жагдайларга кабылышың мүмкүн экенин элестетип, андайда эмне кыларыңды чечип алуу керектигин айтат. «Ошентип элестеткениң бир кызыктай сезилиши мүмкүн, бирок бул чындап ушундай жагдайга туш болгонуңда арам ойлуу адамдардын жеми болуп калуудан сактайт»,— дейт ал

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла... Анткени катаал күндөрдө жашап жатабыз» (Эфестиктер 5:15, 16).

     Ойлонуп көр: «Кимдир бирөө мени кармалап, оңтойсуз абалга калтырса, эмне кылам?»

  •   Кантип кетип каларыңды ойлонуштуруп кой. Жогоруда сөз кылынган уюм мындай деп кеңеш кылат: «Бир сыр сөз ойлоп таап, аны досторуңа же үй-бүлөңө билдирип кой. Жагдай кооптуу сезилгенде алардын бирине телефон чалып, сага коркунуч туудурган кишиге шек алдырбай, ошол сыр сөзүңдү айт. Ошондо алар келип сени алып кетиши же сенин кетип калышыңа шарт түзүп бериши мүмкүн». Бирок башынан эле андай кооптуу жагдайлардан качсаң, азапка сала турган көйгөйлөрдөн алыс болосуң.

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3).

     Ойлонуп көр: «Кооптуу жагдайга кабылганда кетип калыш үчүн эмне кылсам болот?»

    Кантип кетип каларыңды ойлонуштуруп кой

  •   Белгилүү бир чек коюп алып, ошондон чыкпа. Мисалы, бирөө менен сүйлөшүп жүрсөң, экөөңөр эмнеге жол берип, эмнеге жол бербей турганыңарды макулдашып алгыла. Сүйлөшкөн жигитиң же кызың чек коюу акылсыздык экенин айтса, анда башка бирөөнү, сен карманган нормаларды баалаган адамды, тандаганың акылдуулукка жатат.

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Сүйүү... адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Корунттуктар 13:4, 5).

     Ойлонуп көр: «Мен кандай нормаларга карманам? Кандай жүрүм-турум орунсуз?»